9 жаштагы хоккей оюнчуларыбыз АКШдагы мелдешке барат

9 жаштагы хоккей оюнчуларыбыз АКШдагы мелдешке барат

Кыргызстандын жаш хоккей оюнчулары АКШнын Чикаго шаарында өтө турган эл аралык мелдешке (1-8-декабрда) катышат. Мелдеш 9 жаштагы жаш өспүрүмдөр арасында өтөт. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Бишкек шаарынын 15 оюнчусу учурда шаардык музмайданында даярдык көрүүдө.

Балдарга авиабилет алынып, тамак-ашына акча бөлүндү

Балдардын тамак-ашы үчүн шаардык бюджеттен акча бөлдү. Бишкек шаардык мэриясы болсо 15 оюнчунун жана машыктыруучунун авиабилетин сатып бериптир. Мелдешти өткөргөн тарап балдардын жатаканасын камсыз кылып берет.

Океандын нары жагына алгачкы жолу барып хоккей ойной турган жаш спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.