Жээнбеков кээ бирөөлөрдөй көз каранды болбой, Путинге теңата болсо экен…

Жээнбеков кээ бирөөлөрдөй көз каранды болбой, Путинге теңата болсо экен…

Бүгүн, 29-ноябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеванын айтымында, мамлекет башчысы Москвага орус тараптын чакыруусу менен кеткен. Жээнбеков орус президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.

Аркадий ДУБНОВ: “Кыргызстан Орусия менен Кытайга көз каранды”

Жээнбековдун биринчи эле сапары эмнеге Кремлден башталганы боюнча Москвадагы Борбор Азия боюнча талдоочу Аркадий Дубнов “Азаттыктын” суроолоруна жакшы жооп бериптир. Кремлге бул визит эмне берет? Москва үчүн бул сапар эмнеси менен маанилүү?” деген “Азаттыктын” суроосуна мындай деп жооп бериптир:

Менимче, Кремл төртүнчү президент Атамбаев кызматтан кеткенден кийин, Кыргызстандын бешинчи президенти менен мамлекет башчысы катары таанышууга үмүттөнөт. Жээнбековдун өз алдынча чечим кабыл ала аларын, бардык өнөктөштөрү менен жакшы мамиле түзүүгө дилгир экенин билгиси келет. Ошондой эле коңшулары менен, биринчи кезекте Казакстан менен кризистик жагдайларды чечүүгө даярбы дегенге да кызыгат. Себеби, Кыргызстандын эгемен өлкө катары жашап кетиши биринчи кезекте Орусияга жана Кытайга көз каранды. Коңшуларга эмес, биринчи кезекте Орусияга… Менин көз карашымда, Борбор Азияда дээрлик иштебей жаткан Евразия экономикалык биримдигинин тагдыры көз каранды”,-деп туптуура айткан.

Жээнбеков өз алдынча иш алып барып, Путинге теңата болсо экен…

Орусия менен Кытайга көз каранды экенибиз качан эле билинген. Ошон үчүн Атамбаев Орусия менен Кытайды мактап, Путинди “досум” деп келди да. Путин акылдуу, ага ушундай адамдар керек. Аларга чыны биздин мамлекеттин жашоосу кызыктырбайт, аларды да өздөрүнүн кызыкчылыктары кызыктырат. Аны түшүнбөй Атамбаев жакшы сүйлөп койсо, “досум” деп алган Путинди. Эми Жээнбеков Кремлдин сынынан өтүп, өз алдынча иш алып барып, алар менен теңата болсо экен… Башкалардай болуп “шестёрка” болбой… “Шестёрка” деп Бабановду айтканым жок, бир адамды айттым. Кыргыз эли акылдуу эмеспи, ким жөнүндө сөз болгонун өзү эле түшүнүп алат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.