Аида КАСЫМАЛИЕВА: «Чубак ажынын экинчи аял алуусу боюнча парламент баасын берүү керек!»

Аида КАСЫМАЛИЕВА: «Чубак ажынын экинчи аял алуусу боюнча парламент баасын берүү керек!»

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып чыкты. Анын айтымында, Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алуу чакырыгы боюнча парламент жана өкмөт өз пикирин билдирип, укуктук баасын берүү керек.

Жаш жана кеңири аудиториясы бар адамдардын көп аял алуу тууралуу ойлонулбаган жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү Кыргызстандагы конституциялык түзүлүш үчүн чоң коркунуч. Эгер мамлекеттик институттар мындай билдирүүлөргө реакция жасабаса өлкөбүздү толук өзгөртө турган прецедент жаралышы ыктымал”,- дейт Аида Касымалиева.

Бул боюнча депутаттар мыйзамдуу жолун айтып, түшүндүрүп жатышат. Аида Салянова, Исхак Масалиев, Элвира Сурабалдиева, Феликс Кулов Конституция боюнча, мындай кадам мыйзам бузууга жатарын айтышкан.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда, Чубак ажы экинчи аял алганы боюнча интернетте видео тараган. Анда Чубак ажы: «Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм. Мен баштабасам ким баштайт? » деп ачык эле айтып, жарыя кылган. Учурда бул видеосу кызуу талкууланууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.