Алматыдагы негизги көчөлөрдүн бирине Назарбаевдин ысымы ыйгарылат

Алматыдагы негизги көчөлөрдүн бирине Назарбаевдин ысымы ыйгарылат

Алматыдагы Фурманов көчөсүнө президент Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылууда. Чечим 30-ноябрда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды. 1-декабрда Казакстанда Тунгуч президенттин күнү белгиленет.

Алматы акими Бауыржан Байбек сессияда билдиргендей, интеллигенция өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, шаар жашоочулары жана жаштар калаадагы эң негизги көчөлөрдүн бирине “элбашы, эгемен Казакстандын негиздөөчүсүнүн” ысымын берүүнү сурашкан.

77 жаштагы Нурсултан Назарбаев отуз жылдан бери 18 миллион калкы бар Казакстанды башкарып келе жатат. Буга чейин өкмөт Астана аэропортуна дагы анын атын ыйгарган. Ага чейин Назарбаевдин урматына бир нече эстелик тургузулуп, өлкөдөгү эң ири акчага президенттин сүрөтү түшүрүлгөн.

Буга чейин Назарбаевдин ысымы башка өлкөлөрдөгү көчөлөргө берилген. 2015-жылы Назарбаев көчөсү Түркиянын Адана шаарында, быйыл Казанда пайда болгон. Казак ММКларынын маалыматы боюнча 10 жыл мурун Назарбаевдин ысымы Иорданиянын борбору Амман жана Чеченстандын борбору Грозныйдагы көчөлөргө берилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.