Анжелина Жолиге окшошом деп 50 жолу операция кылып, кемпирге айланган жаш кыз

Анжелина Жолиге окшошом деп 50 жолу операция кылып, кемпирге айланган жаш кыз

Тегерандык Сахар Тарбан аттуу 19 жаштагы кыз дүйнө жылдызы актриса Анжелина Жолини кичинесинен кумир тутуптур. Ага окшошом деп 50 жолу пластикалык операция жасаткан. Ал бетине эле эмес, этине да бычак тийгизген. 40 килограммга арыктап, 50 жолу пластикалык операция жасата берип, аягында өзүнүн татына келбетин жоготуп койгон. Кумирине окшошом деп отуруп кыз келбетин кемпирге айланткан. Ал ага деле ыраазы болуп, «Труп невесты» тасмасындагы Жоли аткарган келбетине, сүрөттөрүн жанаша коюп алып өзүн окшоштура берет экен. Мындай сүрөттөрүн Инстраграмга бат-бат жайгаштыра бергендиктен, анын баракчасына жазылгандардын саны 280 миңге жетиптир.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.