Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Конституцияда аялдар менен эркектердин укугу бирдей. Чубак ажынын аялы зомбулукка кабылганын текшерүү керек!”

Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Конституцияда аялдар менен эркектердин укугу бирдей. Чубак ажынын аялы зомбулукка кабылганын текшерүү керек!”

Деп бүгүнкү парламенттин отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева айтып, ИИМ менен Башкы прокуратурага Чубак ажы Жалиловдун үйүн текшерүүнү тапшырды.  

Депутат Сурабалдиева белгилүү эле диний аалымдын экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирүүсү жоопсуз калып жаткандыгына таңгалды. «Биз көп аял алуу тууралуу кеп козголгондо унчукпай калабыз. Эртең бир диний аалым 14 жашар кызга үйлөнүп алса эмне кылабыз? Бул жерде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кеп болууда. Чубак ажы аялы менен ажырашпай туруп, үстүнө бир аял алып келгенин, аялына оор тийип, капа болуп жатканын мойнуна алып, ачык эле айтып жатат. Конституция боюнча, аялдар зомбулукка кабылууга жол берилбейт! Кыргызстан Конституциясында: » деп жазылып турат. Андыктан, акыйкатчы жана күч органдары Чубак ажынын жубайы зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүүнү териштирип чыгышы керек! Анткени, Чубак ажы аялы жапа чеккенин өзү ачык жарыялап атат. Ошондон кийин муну тиешелүү органдар текшерүүгө милдеттүү!», — дейт Элвира Сурабалдиева.

Буга чейин Салянова менен Масалиев да мыйзамдуу жолун түшүндүргөн

“Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишибиз керек! Буга азыр көңүл бурбасак, эртең башка мыйзамдар боюнча чакырыктар болбойт деп ким кепилдик берет? Эки жана көп аял алуу —бул кылмыш!,— деп айткан Аида Салянова. Ал эми депутат Исхак Масалиев да мыйзам боюнча, “эки аял алууга болбойт! Мен эки аял алууга каршымын” деген пикирин билдирген.

“Менин аялым бир аз капа болууда. Капа болууга, кызганууга укугу бар”

Чубак ажы аялын кандайча алып калганы боюнча ВИДЕОдон көрүңүздөр!

«Азиза айым арыз жазгыдай, менин аялым эмес да…»

Чубак ажынын мындай кадамы боюнча укук коргоочу Азиза Абдрасулова прокуратурага арыз жазган. Ал боюнча журналисттер Чубак ажыга суроо узатса, «арыз бергидей, Азиза айым менен аялым эмес. Мага аялым гана арыз жаза алат. Мен мыйзам бузган жокмун, шарият боюнча үйлөндүм»,- деп айтыптыр.

Аялынын укугу тебеленди…

Чубак ажы чынында бул жерде өзүнө гана ылайыктап айтып жатат. Аялына кандай гана оор болгонун, анын укугу тебеленгенин түшүнгөн жок. «Шарият боюнча» деп эркектер аялына айтпай үйлөнө берсе, анда аялы деле «шарият боюнча» деп башка эркекке турмушка чыга берсин. Же бул жагы шариятта каралган эмеспи? «Шарият» деп шылтоолобой эле, «сүйүүгө айла жок экен, сүйүп калдым» деп эле ачык айтпайбы. Сүйүү да…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.