ИИМ: “Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн текшерүү жүргүзүлөт”

ИИМ: “Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн текшерүү жүргүзүлөт”

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги ырасташты. Тагырагы, диний аалым Чубак ажы Жалиловдун көп аял алууга чакырыгы жазылган видеону текшерүүнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жүргүзөт.

Бүгүн “эки же көп аял алуу” боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, “буга Өкмөт жана парламент өз баасын берүү керек!” деген талаптар менен кошо Кылмыш кодексинин 153-беренесинде жаза каралып, көп аял алган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратыла тургандыгы айтылган. Муну депутаттар А.Салянова, Э.Сурабалдиева, А.Касымалиева, И.Масалиев түшүндүрүп берген.

Ал эми Чубак ажы Жалилов болсо, “мен мыйзам бузган жокмун. Шарият жолунда үйлөндүм. Менин үстүмдөн аялым гана арыз жаза алат. Ал башында капа болгон, азыр анын баары артта калды. Албетте, аялым мени кызганууга, капа болууга укугу бар”,- деп айтып келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “ИИМ: “Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн текшерүү жүргүзүлөт”

  1. Америкадан да ашып кеттиңер го. Даже Америкада көп аялдуулардын улуттук адвокаты деген бар. Кыргызстанда да ушундай ачып, көп аялдуу үй бүлөлөрдү куугунтука алгандарга чара көрүү керек.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.