Күйөөсүнүн башкага үйлөнүп алганын уккан аял өзүн өрттөп, өлүм алдында…

Күйөөсүнүн башкага үйлөнүп алганын уккан аял өзүн өрттөп, өлүм алдында…

Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы жазды. Алардын айтымында, Москвадагы Өзбекстандык аял сүйүктүүсү башкага үйлөнгөнүн угуп, өзүн өрттөп жиберген. Анын денесинин 80% күйүп, ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы Дилфуза Сирожиддин аттуу киши менен Өзбекстанда эле жолугушуп баштап, алты жыл мурда Москвага иштегени келишкен. Ортодогу пикир келишпестиктерден кийин аял жети жаштагы уулу менен мекенине кетип калган, Сирожиддин болсо башка бирөөгө үйлөнгөн. Муну уккан Дилфуз баласын алып Москвага барган. Атасы баласын колдоп, дайыма акча жөнөтүп турарын айтканына карабастан, кызганган Дилфуза өзүнө өрт койгон. Аны куткарууга аракет кылган Сирожиддиндин дагы колу күйгөн. Тез жардам менен ооруканага жеткирилип, учурда өлүм алдында жаткан жабырлануучу жасалма дем алдыруу аппаратында жатат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.