Лукашенко Жээнбековду куттуктады

Лукашенко Жээнбековду куттуктады

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Беларусия мамлекетинин Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) сессиясына катышууда. Жыйынды ачып жатып, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду куттуктап, ийгилик каалады. “Жалпыбыздын атыбыздан Сизге жаңы татаал кызматыңызга ийгиликтерди жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү жана уюмубуздун бекемдеши үчүн жемиштүү ишмердикти каалайм”, — деди Александр Лукашенко.

Ылайым эле коңшу жана чет өлкөнүн башчылары менен мамиле жакшырып, жашообуз оңолуп, Жээнбеков өз алдынча иш алып барып, эл ишеничин актаса экен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.