Оорулуу аялды сойкулукка мажбурлап, 10 жылга кесилген адамды адвокаты актайбы?

Оорулуу аялды сойкулукка мажбурлап, 10 жылга кесилген адамды адвокаты актайбы?

10 жылга эркинен ажыратылган Бухара облусунун 28 жаштагы тургуну Шерали Мухмудовду актоону анын адвокаты өтүнүч арыз менен сотко кайрылган. Анын арызын сот эртең, 1-декабрда карайт. Адвокат Шерали Махмудовго карата адилетсиз чечим чыгарылганын билдирип, анын сот залынан бошотулушун талап кылууда. Соттолуучунун жакындары ал өзүнүн ак көңүлдүүлүгүнүн курмандыгы болуп калды деп эсептешүүдө.

Эскерте кетсек, августта жергиликтүү маалымат каражаттары 2016-жылдын аягында үч ай бою сексуалдык кулчулукта болгонун билдирген Ташкенттин 37 жаштагы тургуну Севар Гулямованын окуясы тууралуу жазып чыгышкан. Аялдын айтымында, аны сексуалдык кулчулукта бир туугандар Шерали жана Алишер Махмудовдор кармап келишкен. Махмудов Түркияга онкологиялык дарыланууга барган Өзбекстандын жараны Севар Гулямованы сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган. Бул окуя боюнча октябрда сот болуп, ал он жылга эркинен ажыратылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.