Тажик-кыргыз тилкесиндеги жашоочунун үйү түрттүрүлдү

Тажик-кыргыз тилкесиндеги жашоочунун үйү түрттүрүлдү

Кыргыз-тажик чек арасынын талаштуу тилкесинде жайгашкан Исфара шаарынын жашоочусу Хасан Хасановдун үйү түрттүрүлдү. «Ходжаи Горбобо» аймагында жайгашкан бул турак жайдын айынан өткөн аптада чыр чыгып, аз жерден өөрчүп кете жаздаган.

Исфара администрациясындагы булак маалымдагандай, бул талаштуу тилкеде чек ара делимитация боло элек. Буга байланыштуу мындан ары жаңжалдарга жол бербөө максатында үй тажик тараптын аймагына жылдырылды.

Анын айтымында, Хасан Хасанов эки жыл мурун талаштуу тилкеде үй куруу үчүн бийликтен уруксат алган. Ошол эле маалда ага беш гектар айыл чарба максатындагы жер да бөлүнгөн. Үй ээси менен сүйлөшүп, турак жайды Калъача кыштагына курууга уруксат берилди.

«Баткен облусунун бийлиги кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгү талаштуу тилкедеги үйдүн курулушуна каршы болуп жатканын билдирди. Алар эгер там көчүрүлбөсө, аймакта жаңжал күчөй турганын айтышты. Тараптар кеңешип, түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн үйдү көчүрүү чечимин кабыл алышты», — деп белгилешти Исфара администрациясынан.

Аткаминер маалымдагандай, тажик тарап коңшулардын жүйөлөрүнө макул болгонун, бирок бул аймак кыргыздарга тиешелүү дегенди билдирбей турганын айтты.

Өткөн аптада расмий Бишкек чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча тажик-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиядан «Ходжаи Горбобо» аймагы кимге таандык экенин аныктап берүүнү сураган. Талаштуу тилкеге салынган үйдүн айынан өткөн аптада «Ходжаи Горбобо» жеринин эки тарабына тең тажик жана кыргыз чек арачылары чогулушкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.