Жээнбеков бүгүн Минсктеги саммитке катышат, бирок Назарбаев менен жолукпайт. Демек, чек ара жакында чечилбейт!

Жээнбеков бүгүн Минсктеги саммитке катышат, бирок Назарбаев менен жолукпайт. Демек, чек ара жакында чечилбейт!

Бүгүн, 30-ноябрда Сооронбай Жээнбеков Беларусия өлкөсүнүн Минск шаарындагы өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун юбилейлик саммитине катышат.

Саммитте 24 маселе талкууланат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Саммит учурунда Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин өзүнчө жолугушуусу каралбагандыгын буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирген. Демек, алдын ала пландашкан. Жээнбеков «Назарбаевге жолукпайм!» деген же ал киши жолугушуудан баш тартып койгон.

Жээнбеков кечээ сыйлыктарды тараткан

Аталган саммитке Назарбаев кечээ эле барган. А Жээнбеков болсо, Москвага барып, Атамбаевдин берген сыйлыктарын таратып жүрдү. Сыйлык тапшыруу пландалыптыр, чек ара маселеси эмнеге планга кирген эмес. Сыйлык тапшырууну ал алгач Александр Масляковдон баштаган, ага “Достук” орденин берип, КВНди Ысык-Көлгө өткөрүүнү сунуштаган, ал сүйүнүү менен кабыл алган. Аны өткөрүүгө канча деген акча кетет… Андан кийин Путинге “Манас” орденин тапшырып, Атамбаевди мактаган. Атамбаев экөө Кыргызстанга ынтымакты, стабилдүүлүктү орнотуптур, болбосо Кыргызстан 2010-жылы жоголуп кетмек экен.

Атамбаевдин катасын оңдоп, чек ара маселесин чечпейби?!

Элди ойлосо, биринчи кезекте Назарбаевге барып жолугуп, кыргыз-казак чек арасын чечмек. Дегеле биринчи эле жарлыгы — досу Атамбаевди «баатыр» кылуу эмес, чек ара маселеси болуш керек болчу. Мына дагы деле сыйлык тапшыруу менен алек. Сыйлык шашпайт эле да, сыйлыкты саммиттен кийин деле берип, шашпай сүйлөшө берет эле да. Атамбаев кетирген кемчиликти оңдобойбу тезирээк. 8-октябрда Атамбаев балп деп сүйлөй калып, кыргыз-казак чек ара мамилесин  бузган. Мамиленин бузулганына экинчи айга кетүүдө… Качан чечет? Атамбаев кетсе, Жээнбеков чечет деп ал жактагылар үмүттөнүп, бир канча жолу кайрылуу жасап келишкен. Деги Жээнбеков элдин үмүтүн актабайбы?! Бекеринен президенттик шайлоого катышып жатканда, «Атамбаевдин жолун улайм» деп айтпаптыр да. Ошонун эле жолу менен келаткандай…

Кыргыз элим ай, ушинтип көрсөңөр да көрмөксөн, уксаңар да укмаксан болуп отура бергиле! Болгон чындыкты айтса же жазса, кайра «ушакташат» деп беттен аласыңар. «Калкына жараша каны, элине жараша, беги» деген ушу турбайбы!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.