Жээнбеков менен Назарбаев жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

Жээнбеков менен Назарбаев жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

Бүгүн, 30-ноябрда, Беларусия өлкөсүнүн борбору Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясы башталды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Ал жакта жүргөн журналисттердин билдирүүсүнө караганда, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековдун жаңы болгон кызматын куттуктап, Казакстанга расмий сапарга чакырган. Андан тышкары, учурдагы ары көйгөйлүү,  ары маанилүү кыргыз-казак чек ара абалы жөнүндө сөз болгон. Эки элдин ортосундагы жакшы кошуналык мамилелерди кайра калыбына келтирүү керектигин Назарбаев айтыптыр.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун айтымында, жолугушууда ортодогу бардык маселелер талкууланып, бир чечим кабыл алыныптыр.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак мамилеси, чек ара маселеси мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин 8-октябрда казак жетекчилигин сындагандан башталган. 10-октябрдан бери биздин жарандар чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп турган учуру.

Сүрөт: Экөөнүн Минскиде түшкөн сүрөтү «Азаттыктан» алынды. 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.