Жээнбеков Путинге Атамбаевдин “Манас” орденин тапшырып, ага досун мактады…

Жээнбеков Путинге Атамбаевдин “Манас” орденин тапшырып, ага досун мактады…

Бүгүн Жээнбеков Москвага иш сапары менен барып, Путин менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоого бардык күч аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди. Сөз арасында досу Атамбаевди мактап өттү. Жээнбековдон 6 жыл Атамбаевди угабызбы эми…

“Биз кыйынчылыкты жеңип, тынчтыкты орноттук”

Путин менен жолугушууда Жээнбеков: “Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Ушу жылдары Кыргызстан эки революцияны баштан кечирди. Кыргызстан көптөгөн сыноолордон өттү. Ал эми 2010-жылы мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу туулган. Көп улуттуу Кыргызстан элинин акылмандыгынын жана сабырдуулугунун аркасында жана Алмазбек Шаршенович башында турган өлкөнүн жетекчилигинин аркасында биз кыйынчылыктарды жеңип, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуп, өнүгүүнүн туруктуу жолуна чыга алдык. Мында Россиянын жана жеке Сиздин дагы салымыңыз бар. Кыргызстан эли Россиянын бул жардамын жана колдоосун абдан жогору баалайт ”,- дейт.

Аягында Атамбаев сыйлаган “Манас” орденин тапшырды

Жолугушуунун соңунда, Жээнбеков Путинге «Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» экс-президент Атамбаев сыйлаган I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. Сыйлоо тууралуу жарлыкка Атамбаев 22-ноябрда кол койгон.

Буга чейин Масляковго жолугуп, анын да сыйлыгын тапшырган

Атамбаев Масляковго ыйгарган сыйлыгын Жээнбеков тапшырып, аны КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдүн жээгинен өткөрүүнү сунуштаган. “Эң жакшы сунуштоо. Мен Ысык-Көлгө барып көрө элекмин” деп Жээнбековдун сунушун Масляков сүйүнүү менен кабыл алган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.