9 жаштагы жаш хоккей оюнчулары АКШга күч сынашууга жөнөп кетишти. Ийгилик каалайбыз!

9 жаштагы жаш хоккей оюнчулары АКШга күч сынашууга жөнөп кетишти. Ийгилик каалайбыз!

Кыргызстандын жаш хоккей оюнчулары АКШнын Чикаго шаарында өтө турган эл аралык мелдешке (1-8-декабрда) катышарын буга чейин кабарладык эле. Мына бүгүн хоккей боюнча жаштар курама командасы «Barrington Ice Arena» Кубогу үчүн күч сынашканы жөнөп кетишти. Мелдеш 9 жаштагы жаш өспүрүмдөр арасында өтөт. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Бишкек шаарынын 15 оюнчусу шаардык музмайданында жакшы даярдык көрүшкөн.

“Жаш команда биринчиликти алуу үчүн күч сынашканы баратышат”

Башкы машыктыруучу Ринат Мустафаев менен Саламат Тыналиевдин айтымында, жаш команда биринчиликти алуу үчүн күч сынашканы баратышат. “Биздин атаандаштар дүйнөдөгү эң күчтүү оюнчулар Орусия, Канада жана Америка курамалары экенинен тартынбайбыз. Себеби, күчтуу командалар менен беттешүү балдарга пайда гана алып келет”,- дейт башкы машыктыруучу.

8 жаштагы Нуртемир Сулайманов команданын жылдызы

Санк-Петербургдагы “СКА” хоккей мектебинин оюнчусу 8 жаштагы Нуртемир Сулайманов курама команданын жылдызы болууда. Кыргызстандык жаш оюнчу Орусиядагы жаштар арасында хоккей боюнча бир нече байгелердин ээси. “Хоккей эң мыкты оюн. Хоккейди эмоция үчүн, командалык оюн үчүн жакшы көрөм, баары бири-бири үчүн ойнойт. Эгер сени дайым коргосо сен дагы өнөктөшүңө жан дилиң менен жардам бересиң”,- дейт Нуртемир Сулайманов.

Балдардын жатаканасы, тамак-ашы камсыздалган

Мелдешти өткөргөн тарап балдардын жатаканасын камсыз кылып берет. А биздин шаардык бюджеттен балдардын тамак-ашы үчүн акча бөлдү. Бишкек шаардык мэриясы болсо, 15 оюнчунун жана машыктыруучунун авиабилетин сатып берди.

Америкадагы эң маанилүү турнирде «Barrington Ice Arena» Кубогу үчүн ойной турган жаш хоккейчи балдарыбызга ийгилик каалайбыз! Сапарлары байсалдуу болуп, жемиштүү, жеңиштүү, аман-эсен өз өлкөбүзгө кайтышсын!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.