“АТА МЕКЕН”: “Музейлердеги экспонаттардын жоголушуна Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, Башкы прокуратура колго алышы керек!”

“АТА МЕКЕН”: “Музейлердеги экспонаттардын жоголушуна Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, Башкы прокуратура колго алышы керек!”

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги жыйыны болду. Депутаттар Мамлекеттик тарых музейинен жана М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен жоголгон экспонаттар тууралуу маалымат алды.

Тарых музейинен 503, мемориалдык үй музейинен 104 экспонат жоголгон

Эскерте кетсек, Мамлекеттик тарых музейинен  503 экспонат жоголсо, М.В. Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй музейинен 104 экспонат дайынсыз. Мамлекеттик тарых музейинин Анаркүл Исираилованын айтымында, жоголгон эскпонаттар тууралуу маалымат 2012-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациялоо учурунда аныкталып, мурда түзүлгөн актылардын баары ачыкка чыккан. Жоголгон буюмдардын арасында сак дооруна тийелешүү канжарлар, жебелер жана башка бир катар тарыхый учурларды камтыган экспонаттар бар.

“Кыргыз тарыхына жасалган кылмыш!”

“Атамекенчилер” бул жагдай кыргыз тарыхына жасалган кылмыш экенин, Өкмөт өзгөчө көңүл буруусу керектигин баса белгилешти. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” фракциясы маселени өз көзөмөлүнө аларын кошумчалап, иликтөө ишин Башкы прокуратура колго алышына токтолду. Ошондой эле, ал бул тууралуу Башкы прокурордун жылдык отчету учурунда да көтөрүлөрүн эскертти.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.