Эркек машыктыруучу эмнеге хиджаб кийгенин түшүндүрдү

Эркек машыктыруучу эмнеге хиджаб кийгенин түшүндүрдү

Иранда өткөн Кабадди боюнча Азия биринчилигинин мелдештеринде Таиланддын аялдар командасынын машыктыруучусу залга кирип, оюнчуларды кубаттоо мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн хижаб кийди. Иранда аялдардын пайдалануусундагы спорттук жайларга эркектердин кирүүсүнө тыюу салынат.

Ирандын Кабадди федерациясы бул окуя үчүн кечирим сурап, тай машыктыруучусунун мындай аракетин айыптады. Федерациянын билдирүүсүндө катышуучуларга хижабдын эрежелери жана эркектердин спорттук жайга кирүүсүнө тыюу салынары тууралуу алдын ала эскертилгени айтылат.

Федерация документтерди текшерүүдө шалаакылыкка жол берилгенин моюнуна алып, ошол эле маалда Таиланддын машыктыруучусу көзөмөлдөөчүлөрдү алдаганын кошумчалады.

Тай машыктыруучусу Сомпрач Пончу эгер залга киргиси келсе, хижаб кийиши керектигин айтышканын билдирүүдө. Бирок ал мындай талапты ким койгонун тактаган жок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.