Шайлоо учурунда Жээнбековдун штаб башчысы болгон Ниязов кайрадан президенттин кеңешчиси болду. Кетирип, кайра алып келүүнүн кажети бар беле?

Шайлоо учурунда Жээнбековдун штаб башчысы болгон Ниязов кайрадан президенттин кеңешчиси болду. Кетирип, кайра алып келүүнүн кажети бар беле?

Бүгүн, 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Ниязов Фарид президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ниязов мурунку президент Атамбаевдин да коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп, 23-ноябрда кызматтан бошотулган. 20-ноябрда, андагы президент Атамбаевдин колунан II даражадагы «Манас» орденин алган. “Экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн” деп Атамбаев жогорку даражадагы наамды берген. А сиздер бул кишинин кылган иши боюнча бир нерсе билесиздерби?

И баса….

Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчысы, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген. Ошол кызматы үчүн кайрадан ордуна келди окшойт да. Кетиримиш болуп, кайра эле баягыларын ордуна алып келе берген бийликке кыргыз элим көнүп деле калбадыкпы. Баягылар кызматтан кетмейин мамлекет оңолбойт! Эми Жээнбеков деле Атамбаевдин кадры, досу да. Анан кантип тегерегин кетирсин, баары чогуу эле табакташ болуп келген жана боло беришет.

Колун президенттин башына койгон «жаш бала»

24-октябрда, жаңы эле президент болгон Жээнбековдун башына Ниязов колун башына коюп сүрөткө түшүп, кызуу талкууга алынган. Баягылар эле, Атамбаевдин досу, «балдары» кызматка келе баштады. Илмиянов кызматка келип калса, ага таңгалуунун деле кереги жок!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.