Баласын тепкен адамды милиция кармап, суракка алууда…

Баласын тепкен адамды милиция кармап, суракка алууда…

Улан-2 кичирайонунда кар үстүндө жаткан кичинекей баланы тепкен адам табылды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Алардын айтымында, Октябрь районундагы ички иштер башкармалыгынын милициялары тез ыкчамдык менен тигил адамды таап, алып келип, аты-жөнүн такташыптыр. Учурда бул окуя боюнча сурак жүрүүдө.

Эскерте кетсек, карда жаткан кичинекей баланы атасыбы же байкесиби, азырынча белгисиз, айтор, чоң киши баланы бир тээп, колун  жулкулдатып жерден тургузат. Издөө салынып, табылды, эми мыйзам чегинде жазасын алышы керек!

Депутат Аида Салянова эл менен кошо «табышып койгула, жазасын алсын!» деп үн кошкон! Азыр мыйзам чегинде баланы кордоо боюнча беренени сурасак, мындай деди: «Так беренени коюш үчүн баланы алгач экспертизадан өткөрүү керек! Аталык укуктан ажыратылышын жана камалышын талап кылыш керек!»

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.