Марадона Пеленин чексинен өөп, Путинди далыга таптады…

Марадона Пеленин чексинен өөп, Путинди далыга таптады…

Кечээ футбол боюнча 2018-жылдагы Орусиядагы дүйнөлүк чемпионатта бардык тайпалардын курамы аныкталды. Курма командаларды чүчү кулак менен тайпаларга бөлүү Москвада Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өттү. 32 команда төрттөн сегиз топко бөлүндү.

А тайпасы: Орусия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай;

В тайпасы: Португалия, Испания, Марокко, Иран;

С тайпасы: Франция, Австралия, Перу, Дания;

D тайпасы: Аргентина, Исландия, Хорватия, Нигерия;

Е тайпасы: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия;

F тайпасы: Германия, Мексика, Швеция, Южная Корея;

G тайпасы: Бельгия, Панама, Тунис, Англия;

H тайпасы: Польша, Сенегал, Колумбия, Япония.

Дүйнөлүк чемпионат Орусияда 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Оюндар жаңы салынынып, дүйнөлүк стандарттарга төп келген стадиондордо, Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казан, Төмөнкү Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Сочи шаарларында өтмөкчү.

Оюнга билеттер сатыла баштады. Эң арзан билет – 500 рубль дешүүдө.

Чүчү кулак кармоо аземине келген атактуу эски-жаңы футболчулар Пеле, Марадона, Роналдиньо жана башкалар менен Орусия президенти Владимир Путин жолугушту. Эч нерседен тайманбаган атактуу Диего Марадона тамаша сүйлөп, Пеленин чексинен өөп, Путинди далыга таптады…

Эрзат МЫРЗА

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.