СҮЙҮНЧҮ: Кыргыз-казак чек арасы бүгүн түнү ачылат!

СҮЙҮНЧҮ: Кыргыз-казак чек арасы бүгүн түнү ачылат!

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 2-декабрда, Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу экономикалык кызматташуусу боюнча «жол картасы» жөнүндө келишимге Астана шаарында кол коюлду. Белгилүү болгондой, кыргыз-казак чек-арасы 2-декабрдан 3-декабрга караган түнү, саат 00:00дө ачылып, кадимки тартипте иштей баштайт.

Ким кол койду?

Кыргыз тараптан документке вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, казак тараптан Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин кол койду.

“Жол картасы” 50 иш-чарадан турат

“Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, 5 кыска мөөнөттү жана 29 системалуу чаралар бар.

Эскерте кетсек

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов менен  делегациясы кечээ, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол картанын” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Астана шаарына учуп кетишкен. Чек ара маселеси Минск шаарында Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүп, макулдашууларынын негизинде ишке ашырылды десек болот.

Атамбаев “бузган” мамилени Жээнбеков оңдоду…

Кыргыз-казак чек ара маселесин, эки өлкөнүн мамилесин экс-президент Алмазбек Атамбаев “бузуп” кеткен. Ал Нурсултан Назарбаевдин дарегине катуу сын айткандан кийин чек ара маселесинен ары-бери өтүү ушул күнгө чейин кыйын болуп келди. Үч ай адамдар кыйналды… Атамбаевдин катасын Жээнбеков оңдоду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.