ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Кичинекей баланы тепкен адамды табышып койгула! (ВИДЕО)

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Кичинекей баланы тепкен адамды табышып койгула! (ВИДЕО)

Бүгүн, 2-декабрда, кар жааган күнү, Улан-2 кичирайонунда көчөдө болгон окуяны кимдир бирөө видеого тартып алып, аны Фейсбукка жайгаштырган. Видеодон көргөн аялзаты кичинекей балага боор ооруп, аны тепкен адамды издей башташты.

Депутат Аида Салянова Фейсбуктагы өздүк баракчасына видеону жайгаштырып, мындай деп жазды: “Достор, бул айбанды тезинен таап, баладан алыстатыш керек! Кебетесинен тааныгандар сөзсүз болот. Эгер ачык жазгыңар келбесе, анда баракчама деле жазсаңыздар! ИИМге жардам берели! Биринчи жолу максималдуу репост суранам!”

Достор, видеону бөлүшүп, тапканга жардам кылыңыздар!

ВИДЕО

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.