Спорттук хиджаб жасалды, ал 2018-жылы сатыкка чыгат

Спорттук хиджаб жасалды, ал 2018-жылы сатыкка чыгат

Nike спорттук өндүрүүчү компаниясы мусулман аялдар үчүн атайы спорттук баш кийим (хиджаб) чыгарышты. Алгачкы жолу жасалган баш кийим 2018-жылдын башында сатыкка чыга баштайт.

Аны жасоого жарым жыл убакыт кеткен. Бул баш кийим эластикалык материалдан үч түрдө (кара, боз жана кочкул кызыл) жасалды. Хиджаб чыгарууга спортсмендер жана «Принцесса льда в хиджабе» атыккан Араб Эмиратынын муз үстүндө көркөм тебүүчү белгилүү спортсменка Захра Лари катышкан.

Сүрөттө:  Захра Лари

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.