Чубак ажы милицияда 6 саат суракка алынды (Маек)

Чубак ажы милицияда 6 саат суракка алынды (Маек)

 “Чубак ажы Жалиловду милиция үйүнөн алып кетип, суракка алып, бир нече саатка камады” деген кепти угуп, аны тактоо үчүн ажынын адвокаты Акин Токталиевге байланыштык. Анын айтымында, Чубак ажы кечээ ИИБге алынып барып, алты саат суракка алынып, тергөө жүргөн. Ал боюнча биз адвокат менен маек курдук.  

— Акин мырза, Чубак ажыны милициялар суракка алып, бир канча саатка камаганы чынбы?

— Камаган жок, 6 саат кармап, суракка алышты. Тагыраак айтканда, Чубак ажыны кечээ, таңкы саат 9:30 Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына алып барып, саат 15:00гө чейин тергөө жүргүзүштү. Милициянын тергөөчүсү Макенбаев Октябрь Батырович 6-7 милициянын көзөмөлүндө суракка алды. Суроо-жооптун баарын видеого тартышты. Ал тасманы жогорку жактагылар көрөт экен. “Бул тасманы биздин министр дагы көрөт. Ак үй, Көк үйгө алып барабыз. Бирок, сиздер муну саясий заказ деп ойлобогула”, -дешти. “Башпрокурордун тапшырмасы менен” деп да айтышты.

— Кандай суроолор берилди?

— Эми ар кандай (тийешеси бар, тийешеси жок деле) суроолор берилип жатты.

— “Эки аял алуу” боюнча арыз түшкөндүн негизинде сурак жүрдү да, э?

— Ооба, кимдерден арыз түшкөнүн айтышты. Алардын айтымында, Чубак ажыны сураганга башкы себепкер болгон укук коргоочу Азиза Абдырасулова экен. Анан депутат Элвира Сурабалдиева жана башка депутаттардын арызы болуптур. “Алардын арыз жазуусунун негизинде биз аргасыздан Чубак ажыны сурап жатабыз. Болбосо биз деле Чубак ажыны сыйлайбыз”,-дешти. “Чубак ажынын жеке турмушуна эмнеге мынчалык кийлигишип жатасыңар? Эмнеге мынчалык кызыгуу болууда?”,-дегенимде, алар: “Биз мамлекет кызматкербиз, чоңдордун айтканын жасайбыз! Андыктан биз өз ишибизди кылып жатабыз. Дем алыш күнү, ишемби күнү 7-8 милициянын кызматкерлери эс албай иштеп жатабыз.”,-деп кейишти.

— Чубак ажыны чакыруу кагаз менен суракка алыштыбы же өздөрү таң атпай үйүнөн алып кетиштиби?

— Кайдагы чакыруу кагазы? Бул жердеги үйүнөн алып кетишсе да жакшы го. Тээ Ысык-Көлдө эс алып жаткан жеринен Чубак ажыны түндөп алып келип жатышпайбы. Ошондо 1-декабрь болуп калат. Чубак ажыны мажбурлоо жолу менен Бишкек шаарына түндөсү алып келишиптир. Анда дагы качып кеткен бир чоң кылмышкерди кармап алгандай, 4-5 милициянын машинасы менен алып келишиптир. Бул жерден да 7-8 милициянын курчоосунда суракка алышты. Эми ушул туурабы? Эгер Чубак ажыга чакыруу кагазын берип, ал келбей койсо, же тоотпой качып кетсе, ушундай мамиле кылышса болмок? Негизи бул жерде Чубак ажынын укугу тебеленип жатат. Мыйзам боюнча булар чакыруу кагаз бериш керек болчу. Чубак ажы мыйзам сыйлаган, билимдүү адам, аны менен өзү эле чакырган жерге келип бермек.

Бул иш боюнча милициялар катуу иштешиптир, аны өздөрү деле моюндашты. «Неге “эки аял алдым” деп элге жарыяладыңыз? Тынч эле, эч кимге айтпай эле, Ак үй, Көк үйгө билгизбей эле, акырын эле жашай бербейт белеңиз! Биздин да тынчыбызды алдыңыз. 3-4 күн уктабай, 25-30 милиция Бишкектен Токтогул, Сокулук, Ысык-Көлгө чейин барып, “Чубак ажы кандай жол менен экинчи аял алды эле?”,-деп сурак жүргүзүп, документ чогултуп жүрдүк”,-деп ачык эле айтышты.

Чубак ажыны биз дагы сыйлайбыз. Өз орду бар, билимдүү, илимдүү инсан. Бирок, Конституциялык мыйзамда: “эки же андан көп аял алса, жоопко тартылат” деген берене бар да. Бул жагынан алганда, мыйзам бузгандыкка жатат да? Өзүңүз деле тажрыйбалуу адвокатсыз, кандай дейсиз?

— Чубак ажы өзү деле бул боюнча милицияларга мындай деп айтты, ошону эле кайталап коеюнчу. Ал мындай: “КРнын КЖКнин 153-беренесин бузганым жок. Эки аял менен бир үйдө тиричилик-оокат жасаганым жок. Бир үйдө эки аял менен чогуу жашап, бир төшөккө жатканым жок”,-деди Чубак ажы. Анан милициялар кайра мындай суроо узатышты: “Сизди туурап кыргыздар экиден төрт аялга чейин ала баштаса эмне болот?”,- деп. “Эгер багалса, анда алсын, багалбаса албасын! Багалбай калса, анда Кудайдын алдында жооп берип калышат. Биздин кыздар дини, тили бурулгандарга күйөөгө тийгиче (негр, кытай жана башка улуттарга), бага ала турган кыргыз байларга тийип, кыргыздын санын көбөйтсүн да”,-деп жооп берди Чубак ажы.

— “Аялым бир аз капа болуп жатат. Кызганганга укугу бар”,- деп да ачык эле айтты Чубак ажы. Экинчисин алгачкы аялына алдын ала айтпай, ага акылдашпай туруп алып келгени шарият боюнча туурабы? Ошого аялы капаланып жатса керек да. Бул жагынан караганда да аялынын укугу тебеленип жатпайбы?

— Чубак ажынын аялы динди түшүнгөн адам, ал динге каршы болбойт. Чубак ажы 3-4 алса да ага жарашат.

— Демек, сиз “Чубак ажынын үстүнөн туура эмес арыз түшүп, сурак алынууда” деп кабылдап жатасыз?

— Ооба, Чубак ажынын Конституциялык укугун бузуп жатышат. ИИМ министри, Башпрокурор жана милициянын органдары “Азиза Абдрасулова арыз жазды”,- деп, бирөөнүн жеке турмушу боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзамды одоно бузуп жатышат. Милициянын органдары баш болуп, динди түшүнбөгөндөр ушинтип ызы-чуу салат, Азиза Абдрасулова, Элвира Сурабалдиевалар сыяктуулар. Булар бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишкен атеист аялдар.

— “Эгер эртең 14 жаштагы кызды алып алса эмне кылабыз, мунун алдын алуу керек?!”,- деп мыйзамдуу жагын гана айтты депутат Элвира Сурабалдиева. Мыйзамдуу жагын айтканы менен ал динге каршы чыгып, атеист болуп калбайт го дейм?

— Чынын айтсам, мен муну “саясий заказ” деп эле кабыл алдым. Ошол саясий заказды милициялар аткарып жатышат.

— “Саясий заказ” деп ойлобогула!” деп башында эле милициялар эскертишиптир го…

— Алар ошентип айтышса деле, мен ошондой эле кабылдадым. Себеби, милициялар мыйзам чегинде иш алып барган жок. Мен дагы бир жолу кайталайм, алар бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишип жатышат. “Конституцияда, мыйзамда “сожитель” деген берене каралган эмес. Эгер эрди-катын үй оокат талашып жатса, анда жарандык сотко кайрылгыла!”,-деп Азиза Абдырасуловага айтышса болмок. “Сожитель” кылып аял алган жок да Чубак ажы, нике кыйдырып, ата-энесинин алдына барып, кыздын колун сурап, кыргыздын каада-салты менен эле үйлөнүп жатпайбы. Бул бир. Экинчиден, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, аялын тартып алган жок да. Жесир аялды алып жатат. Аны да өзү ачык эле айтты. Үчүнчүдөн, жашы жете элек, 14 жаштагы кызды алган жок да, 30 жаштагы келинди аялдыкка алып жатат.

— Сурак, тергөөнүн аягы эмне менен бүттү?

— “Чакырган убакытта келип турам” деген тил катты тергөөчү Чубак ажыга жаздырып алды. Чубак ажыга кылмыш иш козгобой туруп, аны чет өлкөгө чыгарбаш үчүн, «сторожевая карточка» деген токтом чыгарып коюшту. Бул мыйзам бузууга жатат, өтө одоно мыйзам бузулду. Бул боюнча биз дагы мыйзам жолунда иш алып барабыз. Биздин айтчу сөздөр али алдыда!

Эскерте кетсек

Чубак ажы Жалилов “экинчи аял алдым” деген видеосу тарагандан кийин, ал коомчулукта кызуу талкууланып, бул боюнча Азиза Абдырасулова прокуратурага арыз жазган. Анын арызы боюнча Чубак ажы: “Мага арыз жазгыдай Азиза айым аялым эмес да. Менин үстүмдөн аялым гана арыз жаза алат”,-деп жооп айткан. Бул маселе Жогорку Кеңешке чейин көтөрүлүп, айрым депутаттар мыйзамдуу жагын түшүндүрүшкөн. Бул боюнча да Чубак ажы: “Мен көптөгөн депутаттардын никесин кыйгам. Алардын аты-жөнүн билем”,-деген пикирин билдирген. Бул маселенин аягы кандай бүтөт, ал белгисиз. Алдыда…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.