Акин ТОКТАЛИЕВ, адвокат: “Чубак ажыга сурак токтотулду”

Акин ТОКТАЛИЕВ, адвокат: “Чубак ажыга сурак токтотулду”

Бүгүн, 4-декабрда, Чубак ажы Жалиловду Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына чакырганы боюнча ажынын адвокаты Акин Токталиев ММКларга билдирген. Ал сурактын аягы эмне болуп бүткөнү боюнча буларды айтты:

“Бүгүн да Чубак ажыны Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына милициянын тергөөчүсү Макенбаев Октябрь чакырыптыр. Анын чакыруусу менен бардык. Аны жарым саат күтүп отурдук. Бирок, чыны эмнеге экенин түшүнгөн жокмун. Себеби, эч кандай сурак да, талкуу да болгон жок. Бир гана нерсеге ал нааразы болду: “Эмнеге журналисттерге айтасыңар? Алар менин тынчымды алып жатышат”,-деп. Менин байкашыма караганда, журналисттердин кийлигишүүсү менен дароо иш токтоп калды окшойт. Журналисттерге чоң ыраазычылыгымды билдирем, рахмат”,-деди адвокат Акин Токталиев.

Эскерте кетсек

Кечээ, 3-декабрда, ШИИБге Чубак ажы чакырылып, үстүнөн түшкөн арыз (“эки аял алуу мыйзам бузууга жатат. Чубак ажы мыйзам чегинде буга жооп берсин” деп укук коргоочу Азиза Абдырасулова менен депутат Элвира Сурабалдиева арыз жазышкан. Бул маселени Сурабалдиева Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыккан. Ага чейин депутат Аида Салянова: “эки аял алуу – бул кылмыш” десе, депутат Исхак Масалиев “эки аял алууга каршымын”,-деген – авт.) боюнча ажыны милициянын тергөөчүсү Макенбаев Октябрь 6 саат тергөө жүргүзгөн. Анын баары тасмага тартылган. Аягында чет өлкөгө чыгарбаш үчүн, «сторожевая карточка» деген токтом чыгарып, “чакырган убакытта келип турам” деген тил катты  Чубак ажыга жаздырып алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.