Кенекеев Таласка барып, жаңы губернаторду ордуна отургузду

Кенекеев Таласка барып, жаңы губернаторду ордуна отургузду

Бүгүн, 4-декабрда, Талас облусу жаңы губернаторлуу болушту. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Аны ал жердеги кызматкерлерге Таластын мурунку губернатору, азыркы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырып, өзү отуруп кеткен креслого отургузду. Депутат Рыскелди Момбеков кошо барган.

Бир тууган Мураталиевдер

Марат Мураталиев буга чейин Талас облустук курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Ага чейин «Арсенал-Курулуш» компаниясын башкарчу. 50 жашта. Талас облусунун мурдагы жетекчиси (2006-2008-жылдары, Бакиевдин бийлигинде губернатор болгон) Байымбет Мураталиевдин бир тууган иниси. Дагы бир тууган иниси Чыңгыз Мураталиев учурда Талас шаарынын вице-мэри.

Эскерте кетсек 

Дайыр Кенекеев президенттик шайлоодон кийин, 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган. Аны мурунку президент Атамбаев мактап Акүйгө алып кеткен. Таласка губернатор да кылган Атамбаев болчу. Кенекеев губернаторлуктан кеткен бери бул орун бош турган. Жаңы губернатор келгенче, бул кызматтын милдетин аткаруучу болуп Чолпон Төрөкулов аткарып келген. Жаңы губернаторду эл кандай кабыл алды ал белгисиз…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.