Айтылуу акын Мидин Алыбаев киши колдуу болгонбу?

Айтылуу акын Мидин Алыбаев киши колдуу болгонбу?

Бүгүн, 6-декабрь залкар акын Мидин Алыбаевдин дүйнө салган күнү. Кырктын кырында кычырап турганда, 42 жашында көз жумган. Сыртка чыгып, кайра үйүнө кайтпай калган күндү журналист Жолдошбек Токоев төмөндөгүдөй эскерди.

«Туура мындан 58 жыл мурда, 1958-жылы, дал бүгүнкү 6-декабрь күнү улуу лирика менен сатираны бирдей жазган улуу Мидин 42 жашында көз жумган. Мидиндин “Чалкан дос”, “Ак кол, ак чүч” “Бюрократ” сыяктуу сатиралары ошол кездеги коррупционерлердин кыжырын кайнатып турган. Жеп-ичкичтердин аялдары көпкөндөрүнөн агарыш үчүн ваннага сүт толтуруп киринишип, түштөнү үчүн Ташкентке, театр көрүш үчүн Москвага самолет менен учуп барып келип турушкан. Ошол эле 1959-жылы СССРдин башкы прокуратурасы Фрунзеге келип коррупциялык ишти башташкан. Ал иш “Трикотажное дело” же “Еврейское дело” деп аталган. Бул иш боюнча СССРдин Жогорку Соту менен 24 адам атууга берилген. Атууга өкүм кылынгандардын арасында 4 кыргыз болгон. Мидин ошол коррупциянын курмандыгы болгон.
Мидин 5-декабрда жубайы Жыпарисага: «Лагманың бышкыча, мен Темир жол бекетине буфеттен минералдык суу ичип келейинчи» деп кетип, ошону менен үйүнө кайткан эмес…

Үйү вокзалга жакын болгон. Ошол күнү күүгүмдө Правда көчөсүндөгү «Тамеки» фабрикасынын жанындагы дүкөндүн жанында Мидиндин белгисиз адамдар зордоп, ичимдик ичирип жаткандарын көрүшкөн. Ошол эле учурда, Мичурин көчөсүнө Мидинди белгисиз адамдар “Победа” машина менен алып барып таштаган. Бирок, бул иш боюнча жакшы иликтөө жүргөн эмес. Мидиндин өлүмү тууралуу иликтеп жазганым акындын жаңы китебине буйруса чыгат»,-дейт Жолдошбек Токоев.

“Осмонаалы Лөөкүй”

Мидин Алыбаев сатираларынын бири – “Осмонаалы Лөөкүй”. Канча жыл өтсө да, бул сатирасы актуалдуулугун жогото элек. Эгемендүүлүк алгандан бери “Осмоналы Лөөкүйлөр” жер-жайнап кеткен. Өзгөчө Атамбаевдин тушунда…

«Тулпар тушунда, күлүк күнүндө» дегендей Өмүраалы Келдибеков өз учурунда далай дүңкүлдөгөн. Анын кыдырбаган жери, кылбаган кызматы калган эмес. Кош жаздыкты чыканактап Өмүкең нечендердин төрүндө олтурган. Далай чоң чогулуштарды жеке башкарган күндөрү да болгон.

Бул Өмүраалы Келдибековдун өткөргөн иштери. Эмичи? Эми иш төмөнкүчө: мурда борбордон иштеп жүргөн Келдибеков областтарда боло калып, андан жылмышып түшүп, райондон калганына көп убакыт болуп кетти. Азыркы мезгилде кой фермалыкка иштөөнү оордук көрдү эле, анда алты жылдан бери алдыңкылардан бери болуп келе жаткан Карабайдын келини Жамал иштейт экен.

Күндөрдүн биринде Өмүраалы өзүнчө олтурду дагы өткөн кеткендерин ойлоп келип, бардык документтерин алдына жайды. Эскиргендиктен саргыч тартып кеткен кагаздардан кайсы кызматка тургандыгын, кантип бошогондугун, мүнөздөмөлөрүн, толуп жаткан бир айлык, эки айлык курстарды бүткөндүктөрү жөнүндө справкалар биринин артынан бири келип жатты. Мына ошолордун ичинен бир жылдарда «малчылардын кадрларын даярдоо» курсун бүткөн справка колуна тиер замат, азыркы райондун жетекчисинин бири Табалдиев Тайлак эсине түшө калды. Эмне үчүндүр Өмүраалы кубанып кетти. Анткени ошол курста Табалдиев да окуган. Өмүраалы аны «суу жукпас» деп тамашалай турган. Ал ичинен «Карачы! Мен улам ылдыйлап, өз айлымдагы келиндерден кызмат талашып калдым. «Суу жукпас» болсо, бир районду бийлегендердин бири болуп жүрөт… Эми эске алаар бекен?» деп бирүшкүрүп кагаздарын жайды.

Табалдиев Тайлак Өмүраалы менен бир кезекте моюн алышып түшкөн сүрөтүн бир топко чейин кармалап олтуруп, кайра Өмүраалыга берди дагы:

– Эми сени кандай кызматка коемун?

– Өзүң… э … өзүңүз билиңиз — деди Өмүраалы жер карап.

– Өзүң кайсыга иштесем дедиң эле?

– Мал чарбачылыкты бирге бүттүк эле го. Ошол жак эле болсо… Мал доктур кантип боло албайын?!

– Ээ Өмүке, — деди Тайлак башын чайкап, — баягы эле бойдон турбайсынбы, кокуй! Ага билим керек!

– Койдун куйругу курттаса көк таш салат. Жоорго жалбырак жабат, ушуга да билим керекпи? – деди Өмүраалы алаканын тырмап.

Эки дос ары кетишип жатып, акыры Өмүраалы «Жаңы Күчкө» ветеринарлык фельдшер болуп дайындалды.

Колхоздордогу малдын өлүм-житими боюнча райондук отчёт Табалдиев Тайлактын кабинетинде жүрүп жатты. Табалдиев ар бир колхоздон канча мал

киреше, канча чыгаша болуп жаткандыгын «жетекчилик көз» менен өтө кылдат карап олтурду. Канча мал, эмне менен өлгөндүгүнө да көңүл бурулуп жатты.

«Жаны Күч» колхозу боюнча эсеп-кысап жүрүп жаткан учурда Табалдиев Тайлактын колуна тайтаңдаган кол менен жазылган актылар урунуп калып турду. Аны же орусча, же кыргызча жазылганын ажырата албай, Тайлак аксакал талдап, бөлөк коюп отурду.

Бир мезгилде райондун башкы ветврачы Жапаркуловду жанына чакырып алды дагы:

– Мына мында эмне деп жазылган? — деди эле, Жапаркулов жакшылап окуп ажырата албай:

– «Османаалы Лөөкүй» деген оору болобу? — деди Табалдиев.

– Жок. Мындай ооруну уккан эмесмин.

– Институтту бүтүп келип ушундай ооруну билбейсинби? Карачы, «Жаңы Күч» колхозунан жалан «Омонаалы Лөөкүй» менен он беш козу, төрт улак өлүптүр. Бир айдын ичинде ушундай чыгымга учураптырсыңар, — деп Табалдиев колхоздун председателине олоңдоп карай баштаган мезгилде Жапаркулов жаңы актыларды аябай шыкаалай карап жатып каткырып жиберди да:

– Оо, кокуй, аксакал. Бул актыны Келдибеков Өмүраалы жазган турбайбы? Ал киши ветеринария менен эч кандай иши жок неме экен. «Осмонаалы Лөөкүй» эмес, «воспаление легких» деген ооруну айткысы келген тура, — деди.

– Келдибековду өзүңүз жибердиңиз беле? Сиздин жаңы кадр, — деп колхоздун председатели жемеден кутулганына кубанды.

Табалдиев болсо «Осмонаалы Лөөкүй» деп бир айтып, «воспаление легких» дегенди экинчи айтып, Келдибеков досу менен түшкөн капкачаңкы сүрөттү элестетип, башын чайкап өзүнчө ойго кетти…

Даярдаган Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.