Эдил Байсаловдун прокурор классташы каза болду

Эдил Байсаловдун прокурор классташы каза болду

Ош облусунун Чоң-Алай районунун прокурору Улан Өмүракунов каза болуп, Ош облустук ооруканасынан көз жумганы боюнча “Турмуш” жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Улан Өмүракунов 40 жашта гана болгон. Ал 1977-жылы Нарын облусунда туулган.

“Улан менин классташым болчу. Ал өз өмүрүн ишине арнаган, адал иштеген, жакшы адам болчу. Өтө өкүнүчтүү, ал 40 жашта гана болчу…” деп “Твиттерге” жазды Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловго көңүл айтабыз. Эдил, классташыңдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.