Сапар ИСАКОВ: “Эки аял алууга каршымын. Өзүмдүн төрт кызым бар”

Сапар ИСАКОВ: “Эки аял алууга каршымын. Өзүмдүн төрт кызым бар”

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген. «Эки аял алууга көз карашыңыз кандай?” деген суроого ал: “Мен көп аял алуу демилгесин колдобойм. Бул көрүнүшкө терс көз караштамын. Өзүмдүн төрт кызым бар», — деди өкмөт башчысы.

Мыйзам боюнча…

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эскерте кетсек

Чубак ажы Жалилов “экинчи аял алдым” деген сөзүнөн кийин, чуу жаралган. Ажыны дин жолундагылар колдоп, мыйзам жолундагылар каршы чыгышкан. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Э.Сурабалдиева Чубак ажынын үстүнөн арыз жазган. Ал арыз ШИИБде каралып, ага Чубак ажы эки жолу чакырылып, сурак берген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы  

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.