Абдрахматованы орун басарлыктан бошотуунун башында Шайлдабекова турабы?

Абдрахматованы орун басарлыктан бошотуунун башында Шайлдабекова турабы?

БШКнын кезектеги “шайтан оюндары” башталды. Боршайком бүгүн жыйын өткөрүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматованы ушул кызматынан алууну карашты. Орун басарлыкты бошотуу демилгенин автору — Алмаз Асаналиев. Анын айтымында, Атыр Абдрахматова шайлоо компаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген имиш. Асаналиевдин ушундай болбогон сунушун БШКнын 8 мүчөсү колдоп беришти. Абдрахматова орус басарлыктан кеткени менен БШКнын мүчөсү катары ишин уланта берет.

Жалгыз чындыкты айтып, мыйзам чегинде иш алып жаткан — Атыр Абдрахматова

Жогорудагы Алмаз Асаналиевдин сунушун кабыл алып, колдоп берген БШКнын мүчөлөрүнө жол болсун! Биздин билишибизче, шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын, БШКнын ишмердигинде бир катар мыйзам бузуу фактылары боюнча маселелерди көтөргөн, жалгыз чындыкты айтып, чыркыраган Атыр Абдрахматова болгон. Дегеле, БШКда мыйзам чегинде иш алып барып жаткан Абдрахматова.

Бул саясаттын башында Шайлдабекова турушу мүмкүн…  

Орун басарлыктан кетирүү саясатынын башында БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова турушу мүмкүн. Ага Атыр Абдрахматованын чындыкты келгени жакпаганын биз деле көрүп жүрдүк го. Шайлоодо да канча чырылдап жатты. Шайлоодо Шайлдабекова одоно мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырып, Форма-2, Форма-3тү ойлоп чыгып, “мыкты” иштеп бергени үчүн андагы ажо Атамбаевдин колунан “Курманжан датка” орденин алды да. Бул дагы болсо тарых. Акыры чындык айтылып, баарынын жүзү ачылат. Ошондо көрө жатарбыз, эмне дешээр экен?!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Абдрахматованы орун басарлыктан бошотуунун башында Шайлдабекова турабы?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.