Жолдошбек ТОКОЕВ: “Чубак ажы Жалилов, Акин Токталиев, Назира Бегим мыйзамды билип алышса жакшы болмок”

Жолдошбек ТОКОЕВ: “Чубак ажы Жалилов, Акин Токталиев, Назира Бегим мыйзамды билип алышса жакшы болмок”

Журналист Жолдошбек Токоев “Билип ал” деген аталышта биздин сайтка макала жөнөтүптүр. Анда Конституциядагы эки же көп аял алуу беренелери жазылган, жакшы түшүндүрүп бериптир. Ал төмөндөгүдөй, эч өзгөрүүсүз кетти.

“Чубактын чуусунан кийин…”

“Чубактын чуусунан” кийин эле, Чубактын жактоочусу Акин Токталиев “КР Кылмыш Кодексинин 153-беренеси боюнча (эки же андан көп аял алуу) бузган жок” деп чыкты. Ошол эле учурда Чубак да ушул “153-беренени бузган жокмун” деп оозанды. Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова: “КР Кылмыш кодексиндеги 153-беренени иштебегенден кийин, алып ташташ керек! ”,- деди.
Булардын “КР Кылмыш кодекси” боюнча айткандары интернет басылмаларында, башка ММКларда дал ошол боюнча кетти.

“153-берене эмес, 179-берене”

А чынында, КР Кылмыш кодекси 2016-жылы толукталып жазылып (эки же андан көп аял алуу) быйыл 2017-жылы, январда ишке киргенин 153-берене эмес, 179-берене! Окугула, ал мындай. Статья 179 УК КР: «Двоеженство или многоженство, то есть сожительство мужчины с двумя или несколькими женщинами с ведением общего хозяйства, наказывается общественными работами II категории или исправительными работами I категории, либо штрафом II категории».

Конституция боюнча президент мыйзам чыгарбайт!

Назира Бегим деген журналист КР президентине “эки аялдуулукту мыйзамдаштырыңыз” деп кат жолдоптур. Конституция боюнча президент мыйзам чыгарбайт да, ЖК мыйзам долбоорун киргизүүгө укугу жок. Кандай билимсиздик!

Кыргызстанда эч качан эки же андан көп аялдуулукка жол берилбейт. Анын себеби мындай: КР Конституциясынын 1-беренесинде “КР динге аралашпаган, социалдык мамлекет” деген сүйлөмдөрдү, 6-беренедеги “Эл аралык келишимдердин жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган” деген сүйлөмдү алып таштоого, Конституциясын 2-главасын (Адам укуктары жана эркиндиктери) толугу менен оңдоо зарылдыгы келип чыгат.
КР ратификациялаган “Балдардын укугу” (20.10.1959-ж.) конвенциясы, “Демократия аркылуу адам укугуна” (Венеция комиссиясы) ( 12. 4. 1990-ж.) Эл аралык дагы башка мыйзамдардан баш тартышыбыз керек. Бирок, КР эч качан мындай кадамга бара албайт.

Көп никелүүгө жол берген он мамлекет бар

Дүйнөдө 198 мамлекет болсо, эки жана андан көп никелүүгө жол берген 10 мамлекет бар. Алар монархиялык өлкө Судия, ОАЭ, жана Египет, Сирия. Африкада- Алжир, Конго, Нигерия, Бруней. Чыгыш Азияда Мьянма ( Мурдагы Бирма).

“Динде калп айтууга болбойт”

Акин Токталиев жакшы эле жактоочу, юрист болчу. Мындан 7-8 жыл мурда Мекеге ажыга барып, «Акин ажы» титулуна ээ болуп, динге өтө берилип кеткен сыяктанат. Ошондон улам ал мыйзамдагы өзгөрүүлөр менен иши жоктой. Баса, Чубак мейли дин менен алектенсин, бирок, өзү жашап жаткан өлкөнүн Башмыйзамын билиш керек. Эгер ал «мага ислам дини эле баалуу, мамлекеттик мыйзамдарды мен тааныбайм, баш ийбейм» деген ойдо болсо, анда ал ислам динин негиздеген өлкөгө кетиши керек. Чубак “токол алдым” деп бир айтып, кайра суракта “бир эле аялым бар, экинчиси — сүйүктүүм болчу” деп башкача айтты. Ислам дининде калп айтуу жок. Менимче, бул атайын уюшкан чагымчылдык. Чагымчылдык да динде жок” деп бүтүргөн журналист Жолдошбек Токоев.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.