Мюллерди аткарган Леонид Броневой каза болду

Мюллерди аткарган Леонид Броневой каза болду

Бүгүн таңкы 07.30да СССРдин эл артисти, 89 жаштагы Леонид Броневойдун жүрөгү ооруканадан сокпой калды. Ушинтип эсил кайран СССРдин мыкты актерлорунун катары суюлуп келет. “Жаздын он жети ирмеминде” Штирлицти суракка алган Мюллерди аткарганы көпчүлүктүн эсинде калды. Ал өзү 1928-жылы 17-декабрда жарык дүйнөгө келген. “Мекен алдындагы эмгек сиңирген үчүн” орденинин кавалери, Мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Ал кинодо да, театрда да өтө көптөгөн каармандарды ийине келтире аткарган. Ал катышкан атактуу тасмалар: “Жаздын он жети ирмеми”, “Баягы эле Мюнхаузен”, “Покров дарбазасы”, “Сүйүү формуласы” ж.б. Кырктай көркөм тасмада, миңге чукул спектаклдерде аткарган. Аны билгендер: “Леня абдан интеллектуал болгон. “Что? Где? Когда?” телеоюнун калтырбай көрүп, билермандардан мурун туура жооп берип койчу” дешет. Л.Броневой жөнүндө үч китеп жарык көргөн.

Атактуу артист менен коштошуу зыйнаты өзү иштеп өткөн “Ленком” театрында болмокчу.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.