Бүбүсара Рыскулова Чубак ажынын аялы арыз менен кайрылганын ырастады (ВИДЕО)

Бүбүсара Рыскулова Чубак ажынын аялы арыз менен кайрылганын ырастады (ВИДЕО)

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Чубак ажы Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова арыз менен бир ай мурун эле кайрылганын НТС каналынын журналисти Мирбек Айтикеевге айтып берген.

Эскерте кетсек, Гүлнур Жалилова “Сезим” кризистик борборуна кайрылып, өзүнө жана балдарынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы боюнча интернет булактарына тараган. Аны тактоо үчүн аталган борборго чалсак, алар: «биз билбейбиз. Муну жетекчи гана билет» дешкен.

Гүлнур Жалилованын өзүнөн тактайлы деп жашап жаткан үйүнө барып сураганыбызда, ал: “мен бул боюнча тиешелүү жерлерге барып айтып келдим”,-деген. Тиешелүү жерлер ШИИБ болуп чыкты. Алар дагы Чубак ажынын аялы ажынын үстүнөн арыз жазганын тастыкташкан. Бүгүн болсо “Сезим” кризистик борбору да ырастады. ВИДЕО

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.