Муфтий Максатбек Токтомушев Чубак ажы боюнча үн катты

Муфтий Максатбек Токтомушев Чубак ажы боюнча үн катты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек Токтомушев Чубак ажы Жалилов боюнча маалымат таратты. Анда мындай деп жазылат: «Ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Куранда белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат«.

Эскерте кетсек

Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча айткан видеосу 28-ноябрда тараган. Анда Чубак ажы 30 жаштагы жесир аялга үйлөнгөнүн, ага биринчи аялы бир аз капа болуп жатканын, аялынын кызганууга укугу бар экендигин айткан. Ошондон бери бул маселе талкууланып келет. Жогорку Кеңешке чейин бул маселе көтөрүлгөн. Депутаттар аялынын укугу тебеленип жатканын, анын өмүрүнө коркунуч келген жокпу деген суроолорду коюп, “мыйзам чегинде Чубак ажы жооп бериши керек” деп ИИМ менен Генпрокуратура көзөмөлгө алышын талап кылышкан.

“Тиешелүү жерге барып жооп берип келдим”

Чубак ажынын мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова 7-декабрда,  «Сезим» кризистик борборуна барып, өзүнүн, балдарынын өмүрү коркунучта экенин боюнча жазганы каты интернет булактарында алгач орус сайттарында тараган. Эртеси биз Гүлнур Жалилованын үйүнө барып жолукканыбызда, ал: “Мен бул боюнча тиешелүү жерге жооп берип келдим”,-деген. Гүлнур айымдын алысыраак тууганы, кошунасы да “Сезим” кризистик борборуна, ШИИБге барып арыз жазганын ырастаган. 9-декабрда, ШИИБ да Г.Жалилованын милицияга күйөөсүнүн үстүнөн арыз түшкөнүн тастыктаган. “Сезим” кризистик борборуна кайрылганын да ырастаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.