Прокурор Шыкмаматовго күчөтүлгөн тартипте 8 жыл суроодо…

Прокурор Шыкмаматовго күчөтүлгөн тартипте 8 жыл суроодо…

Учурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун кезектеги сот процесси уланууда. Депутатка козголгон ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Прокурор уялбай туруп, соттон депутатка 8 жылга эркинен ажыратууну суроодо. Болгондо да “депутаттын үй-мүлкүн мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын!»,-деп күпүлдөшүүдө.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Шыкмаматов Кылмыш кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча иш козгоп, «2011-жылы өз ара сүйлөшүп алып, кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып таккан. Мындай айыпты Шыкмаматов четке кагып, муну «саясий куугунтук» деп келет.

Бул эмне деген шумдук? “Атамекенчилерге” козголгон иште эч бир далили жок болсо да, адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп берсе да, сот анын баарына көз жумуп коюда. Баарынан эле 8 жыл сурап жатат. Тимеле сүйлөшүп алгандай… Атамбаев имиш менен гана иш козготуп, сотторду сындырып кетти эле. Ал ушундай жаман иш баштап кетти эле, аны жаңы бийлик улантып аткандай. “Атамбаевдин ишин уламтам” деп Жээнбеков бекер айтпаптыр деп кейип кетесиң! Атамбаев досун алып келип алып, көмүскөдө башкарып жаткандай…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.