Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн…

Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгышы мүмкүн…

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту Биринчи Май райондук сотунда уланууда. Сотко парламенттин депутаттары Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев жана Рита Карасартова катышууда. Учурда депутат жарыш сөзүн сүйлөп жатат.

Шыкмаматовдун жарыш сөзүнөн кийин, депутатка өкүм чыгышы мүмкүн.  Себеби, 13-декабрдагы  сот отурумунда прокурор Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Андан тышкары, ал: «анын үй-мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөсүн, андан кийин анын мамлекеттик кызматта иштешине үч жылга тыюу салынсын»,- деп уялбай туруп соттон өтүнгөн.

Эскерте кетсек, депутат Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканы» деген айып тагылып, сот болуп келүүдө. Алмамбет Шыкмаматов бул айыпты четке кагып, муну «саясий куугунтук» деп эсептеп келет. Бүгүнкү жарыш сөздө да ал: “Менин күнөөм — бийликке аттандаш катары сын айтканым, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, парламентте комитет төрагасы катары Венеция комиссиясына кайрылганым. Конситуциялык реформага каршы чыкканым үчүн куугунтукка кабылдым”,-деди.

Биз дагы “саясий куугунтук” деп эсептейбиз. Себеби, бийликке сын, чындыкты айткандардын баарына кылмыш ишин козгоп коюшууда. Муну баары эле көрүп турат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.