Фарид НИЯЗОВ: “КСДПда Алмазбек Атамбаевден башка талапкер жок”

Фарид НИЯЗОВ: “КСДПда Алмазбек Атамбаевден башка талапкер жок”

Бул тууралуу бүгүн КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, КСДП келаткан жылдагы январдын аягында кезектеги курултайга чогулуп, партиянын төрагасы шайланат. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер — экс-президент Алмазбек Атамбаев каралып жатыптыр. “КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир — ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок”,-дейт Ниязов.

Атамбаев президенттиктен кетип жатканда, “мен саясаттан кетпейм. КСДПны жетектейм”,-деп айтпады беле? Саясаттан кетпеген киши партия аркылуу кайра эле кызматка келе берет. Премьер-министр болуп келсе, таңкалуунун кереги жок. Себеби, парламент колдоп берет, аны жакшы билесиңер! Ага чейин көмүскөдө башкара берет. Ошон үчүн Атамбаевдин баягы эле командалары минтип Ниязовго окшоп таасирлүү кызматка келип баштабадыбы?! Аттиң, кыргыз, бир ишенчээк жан экенсиңер го…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.