Курсан Асанов Хи Хи Маликке күбөлүк тапшырды

Курсан Асанов Хи Хи Маликке күбөлүк тапшырды

16-17-декабрда Токмок шаарында жаштар арасында К-1 версиясындагы Кикбоксинг мелдеши өткөрүлгөнү боюнча ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан жана жакынкы коңшу мамлекеттерден ар кайсы салмак категориясындагы 250 спортчу күч сынашкан. Мелдеш Чүй облусунун жаштар арасындагы кикбоксинг федерациясынын президенти, машыктыруучу Хи Хи Малик тарабынан уюштурулган.

Жаштар арасындагы мелдешке ИИМ министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов катышып, мындай деди: «Спорт — бул тынчтыктын тилеги, спорт — ден-соолуктун булагы, спорт — эл аралык достукту бириктирип турат. Жаш спортчуларга айтарым дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан чыныгы спорт чебери болушуңарды каалайм. Биздин өлкөбүздүн желеги көбүнчө эки учурда гана дүйнө жүзүнө желбиреп турат. Биринчиси биздин президентибиз башка өлкөгө барганда, экинчиси биздин спортчулар дүйнө жүзүнө мелдешке чыкканда».

Андан тышкары, Курсан Асанов машыктыруучу Хи Хи Маликке Кыргызстандын спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу күбөлүгүн тапшырды. Айтмакчы, аталган мелдештен тандалып чыккан спортчуларга 2018-жылы өтө турган Азиялык чемпионатка жолдомо берилмекчи.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.