НТСти жабуу боюнча Бабанов оюн билдирди

НТСти жабуу боюнча Бабанов оюн билдирди

НТС телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулу бүгүн, 19-декабрда, кечке маал маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, райондук соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынган. “Алдын-ала маалымдоо түрүндө да биздин уюмга карата арыз алган эмеспиз. Бул жерде бир гана себеп — НТСти жабуу”,-деген Жайнак мырза.

Ал эми НТСтин негиздөөчүсү депутат Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы баракчасына мындай деген пикирин жазды:

Урматтуу Кыргызстандыктарым!
Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылы
ктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат — көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?”

Бабановго бийлик эрегишип, ага тиешелүүнүн баарын жабуу – бул туура эмес! НТС телеканалынын жабылуусуна биз каршыбыз!

Президенттик шайлоодогу КТРКдагы дебатта Сооронбай Жээнбеков: «Мен бийликке келип калсам, коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм!»,-дебеди беле?! Ошол сөзүн аткарып, Атамбаевдин жолун улантып, экс-президент болсо көмүскөдө башкарып жаткандай…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.