Депутат Аида Салянованын соту уланууда…

Депутат Аида Салянованын соту уланууда…

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү териштирүү иши Шаардык сотто каралып келет, бүгүн уланууда.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылып, Бишкектеги райондук сотто териштирүү болуп, аягында туура эмес чечим чыгарышкан. Анткени Аида Салянованын адвокаттары кагаз жүзүндө күнөөсүз экенин далилдеп беришкен. Тилекке каршы, сот аны эске албай, 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Депутат дайыма күнөөсүз экенин, саясий куугунтук болуп жатканын айтып келген жана айтууда. “Туура эмес өкүм чыккан” деп шаардык сотко кайрылышкан. Ал азыр каралууда. Шаардык сот уяты болсо, бул өкүмдү жокко чыгарар. Себеби, күнөөсү жок. Далил жок. Бул эми Атамбаевдин бийлигинде башталган эле.  Жээнбеков аны улантпай, «акты ак, көктү көк» десе, жакшы болмок. Биринчи кезекте Атамбаев сот системасын сындырып кеткен жолду жолго салса жакшы болот эле. Мындай нерсе эртең өзүнүн башына келип калышы мүмкүн. Атамбаев жооп берчү да күн келет!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.