Эгер НТС жабылса, анда 120 киши жумушсуз калат

Эгер НТС жабылса, анда 120 киши жумушсуз калат

Бул тууралуу НТС телеканалдын юристи Амантур Абдырахманов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Юристин айтымында, баардык мамлекеттик органдар чогуу киришип, НТСтин ишин токтотуу аракетин көрүшүүдө. Бүгүн түшкө маал НТС имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөшкөн соң, НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаган.

Аталган телеканалга карата доо арызды сотко Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылган. Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында аталган компаниясы менен «Аянт» ишканасы доогер тарап, НТС телеканалы үчүнчү тарап катары көрсөтүлгөн. Аталган компаниянын адвокаты Елена Дзимидович бул боюнча бүгүн жыйын өткөрүп, НТСти жабуу максат эмес экендигин, компанияга 2 млн. доллардан ашуун инвестиция салынганын, ошону кайтарып алуу аракети болуп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде НТС телеканалына сот аткаруучулар келип, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүп, эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

НТС телеканалы эки тарапты чагылдырган телеканал. Андыктан анын жабылышын, 120 адам жумушсуз калышын биз каалабайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.