Жанар АКАЕВ: “НТСти тартып алуу аракети — бул баскынчылык”

Жанар АКАЕВ: “НТСти тартып алуу аракети — бул баскынчылык”

НТС телеканалына сот аткаруучулар кечээ кечинде барып, каналдын мүлкүн камоого алуу чечимин көрсөтүшүп, эфирди токтотуп, кызматкерлерин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Аталган телеканалды сотко доо арыз менен Grexton Capital Ltd компаниясы кайрылганы белгилүү болду.

НТСтин негиздөөчүсү, депутат Өмүрбек Бабанов мындай көрүнүштү: “Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле?” деп, рейдердик басып алуу катары баалады.

 Ал эми депутат Жанар Акаев бул боюнча мындай деди: “Эгерде азыркы өкмөт башчы мурдагы жетекчиси Максим Бакиевдин рейдерлик жол менен каалаган мүлктү басып алуу саясатын улантам десе, терең жаңылышат. Мыйзамды одоно бузуп бийликти сындап келген “Сентябрь” телеканалын жабышкан, эми анча- мынча өкмөттү сынга алган НТС телеканалына көз артып, рейдерлик жол менен тартып алганы турушат. Буларда дароо арыз жаза койгон “маевскийлери” ар дайым пайда боло калышат тура. Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, мыйзамды тебелеп, сөз эркиндигин чектеген адамдар эч качан таза коомду кура албайт. Таза коом деген — мектепке интернет тартып коюу же планшет көтөрүп калуу эмес, таза коом куруш үчүн биринчи кезекте адилеттүү система куруу зарыл. Бүгүн НТСти тартып алса, эртең кезекте дагы эмне?”.

Туртуура суроо коюлган. Эртең кезекте ким? Бул эмне дегендик? Максим Бакиев атасы менен адам аттырып кетти эле го. Ошондой канкорлорду колдоп жаткан сотко жол болсун! Албетте, сот бийликтин айтканын аткарып жатат дечи… Аттиң, жаңы президент келсе, сот системасы оңолот дегенбиз! Кайран гана үмүттөр!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.