Жээнбеков УКМКны куттуктап, аларды мактады. Эмнеге?

Жээнбеков УКМКны куттуктап, аларды мактады. Эмнеге?

Бүгүн, 20-декабрь — УКМКнын кесиптик майрамы. Алардын майрамы менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктап, аларды аябай эле мактады. Кыскасы, “өлкөдөгү бейпилдикти сактоодо алардын эмгеги зор. Анткени алар экстремизм, терроризм жана коррупция менен күрөшүүдө»,-деди.

Сегизбаевге чейин УКМКны 13 адам башкарган

Бул күн 2007-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Алгач Улуттук коопсуздук кызматы болгон, кийин УКМК деп аталган. Эгемендүүлүк алгандан бери аталган комитетти 13 адам башкарып келген, алар: Герман Кузнецов, Анарбек Бакаев, Валерий Верчагин, Фелик Кулов, Мисир Ашыркулов, Таштемир Айтбаев, Болот Жанузаков, Калык Иманкулов, Мурат Суталинов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Шамил Атаханов, Бейшенбай Жунусов, Бусурманкул Табалдиев. Учурда УКМКнын жетекчиси — Абдил Сегизбаев. 14-жетекчи Сегизбаев жыргаттыбы же куураттыбы?

Атамбаев УКМКны жыргаткан

28-октябрда, андагы ажо Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевге “Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине олуттуу салым кошкондугу үчүн» «генерал-майор» аскердик наамын ыйгарган. Атамбаев андан тышкары, 27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлерине үй берип жыргаткан. “Көк-Жар” конушунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн “өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук сактоого салым кошуп бергендиги үчүн” деп сүйлөгөн. Ошентип, Атамбаев быйыл жыл башынан бери санаганда, аларга үч жолу кызматтык батирлерди тапшырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.