Айчүрөк СУЛТАНОВА: “Гүлбүнүн жаркылдаган мүнөзү мезгил менен катып калды”

Айчүрөк СУЛТАНОВА: “Гүлбүнүн жаркылдаган мүнөзү мезгил менен катып калды”

Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин лауреаты, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, медалы, Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган жана башка дагы көптөгөн дипломдордун, медалдардын ээси болгон ырчы Айчүрөк Султанованын сахнада жүргөнүнө 20, Жогорку Кеңеште эмгектенип жатканына 22 жыл болду. Маекти дал ушул ишинен баштадык.

— Айчүрөк, Жогорку Кеңештин Котормо бөлүмүндө иштеп, котормочу болуп кеттиң окшойт. Котормочулук татаал бекен же ырчылыкпы?

— Жалпы жолунан алганда, Жогорку Кеңеште иштегениме 22 жыл, котормочу болгонума 6 жыл болду. Оңой кесип болбосо керек, бардык кесип татаал, баары изденүүнү, эмгектенүүнү талап кылат. Ишиңе туура мамиле жасасаң, баарын ойдогудай алып кетүүгө болот. Ал эми ырчылык кесип өтө татаал. Баарына жеңил көрүнгөнү менен сахна артында канчалаган кыйынчылык бар экенин эч ким билбейт. Ыр жаздыруу, форма тиктирүү ушунун баары канчалаган түйшүк, канчалаган каражатты талап кылат.

— Гезит чыгаруу да өзүнчө түйшүк, каражатты талап кылат. Жолдошуң экөөңөр гезит да чыгарып жүрдүңөр эле. Ал эмне болду, чыгып атабы?

— Ооба жолдошум экөөбүз «Аралаш» аттуу гезит ачканбыз, башкы редактору да жолдошум. Заказ болгондо гана чыгарып коюп жатабыз. Жогоруда өзүң айткандай, гезиттин да түйшүгү көп, аны чыгаруу кыйынга турат, каражатты да көп талап кылат экен. Демөөрчүң жок болгондон кийин өзүн да актабайт тура. Дайыма жүгүрүп иштеш керек. Мен болсо жумушуман чыга албагандыктан жетишпей кыйналып калат экенмин. Журналисттик билим албасам да, радиодо иштеп калгандыктан кичине бул жагына да шыгым бар.

— Ырчылык шыгыңды ким шыктандырды эле?

— Эң биринчи жолу Абидин Темиров менен таанышып, анын студиясынан ырдап, такшалып, анан «Сени ойлосом» аттуу ырды ырдап чыкканмын. Ушул эле ырга клип да тарттырган элем. Ошондон бери ыр дүйнөсүнө аралашып көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Азыр “Достор” тобундамын. Бул тобубузду эл жакшы кабыл алды. Түзүлгөнүнө билинбей эле он жыл болуп калыптыр. 10 жылдык маараке концертибизди май айында койдук. Көпчүлүктүн суроосу менен кайра июнь айында кайталап бердик.

— “Достор” тобунда Гүлбү Ороскул кызы жок. Гүлбү менен качан, кантип таанышып, курбу болдуң эле?

— Гүлбүдөн мурда мен Элмирбек менен таанышкан элем. Элмирбек Иманалиев жаңы чыгып жаткан мезгилде, аны издеп жатаканасына барганмын. Элмирбек үйүндө жок экен. Ошондо Гүлбү менен биринчи таанышканмын. Гүлбү мени тааныбаса да эски тааныштай жаркылдап тосуп алып, үйүнө киргизип, “күтүп олтуруңуз” деп чай коюп, алдыма ак дасторконун жайган. Дасторкон үстүндө сүйлөшүп, жакшы тааныш болуп калдык. Андан кийин эле Элмирбек менен көп байланышып, жакшы достордон болуп калдык. Анан үй-бүлөбүз менен таанышып, катташа баштадык. Кийин жашымы сурап “улуу экенсиз, бирок дос эле бололучу, сен дей берейинчи” деп менин уруксатым менен сен деп калышкан. Гүлбү ырдап чыга баштап, тойлордон көп жолугуп жүрдүк, кийин шерине ойноп калдык. Ошондон бери дайыма тыгыз байланышта болуп жүрдүк. Ошентип тандалып олтуруп «Достор» тобун түзгөнбүз. Анан эле минтип Гүлбүдөн ажырап калдык.

— Гүлбүнү акыркы сапарга узатканда көрүнгөн жоксуң. Башка мамлекетте белең?

— Күз башталганы биздин үй-бүлөдө чоң жоготуу болду. Мен эки бир тууганымдан айрылып калдым, кабыргам кайышып өзүмө келе албай, бир туугандарымдын кыркылыгында жүргөм. Анан эле дагы бир жаман кабар келди. “Гүлбү каза болуп калды” дегенди уккан кулагыма ишенбей, денемди калтырак басты. Биздин топтун шайыры, эркеси, жалпы кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Сармерден” берүүсүнүн шайыр жеңеси, жакын курбубуз Гүлбү Ороскул кызынан айрылып калдык. Ушул кезге чейин өзүбүзгө келе албай жүрөбүз. “Эмнеге мындай болуп кетти?”, “Эмне үчүн жаш кетти?” деген суроолорго жооп таппай келебиз. Кырктын кырына келгенде, мээнет кылган кыздарынын дөөлөтүн көрөрдө кабырганы кайыштырып кете берди. Гүлбүнүн жаркылдаган мүнөзү мезгил менен катып калды…

Бул жыл жалаң жамандык коштогону менен эсибизде калды. Маданият чөйрөсүндө чоң жоготуулар болду, катар-катары менен кырсыктар болду.

— Жамандыктын баары эски жыл менен кетип, кырсыктар токтосун. Арты жакшылык болсун! Жаңы жыл жакындап калды. Ал күн сен үчүн майрамбы же келаткан жылды жөн гана тосуп алуубу?

— Жаңы жылды ар ким каалагандай түшүнөт. Кээ бири майрам катары, айрымдары шайтан катары, кээ бири такыр эле “жаңы жыл эмес, жаңы жыл башка ай” деп айтышат. Негизи ар бир адам баласы өзүнүн кабыл алуусуна жараша кабылдай берсе боло, аны эч кимибиз тыя албайбыз. Мен жаңы жылды майрам катары эле көрөм, себеби, жаңы жыл келет дегендей. Эл катары үй-бүлөбүз менен чогуу ак дасторкондун үстүндө тособуз!

— Эки балаң бар. Ырчы уулуң Марленди билебиз. Улуу балаң кайда, кайсы кесиптин ээси?

— Менин улуу баламдын аты Марсел, ал Кыргыз Агрардык Университетин бүтүргөн. Азыркы кезде Москва шаарында, көп жылдан бери ошол жакта иштеп жатат. Марлен болсо жогорку билимдүү, эки кесиптин ээси. Улуттук Консерваторияны жана МУКтун юридика факультетин аяктаган. Мага окшоп, “бир эле мезгилде эки кесипти тең аркалап кетем” деп жатат. Чыгармачылык менен катуу иштеп жатат: жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып дегендей. Кийинки жылы мартта, туулган күнүнө карата чыгармачылык кечесин бергени азыртан даярдык көрүүдө. Баламдын тилеги ишке ашсын. Жакшы тилек менен жаңы жылды тосуп, баламдын чыгармачылыгына чогуу күбө бололу. Учурдан пайдаланып, келе жаткан Ит жылы менен кыргыз элимди куттуктайм. “Ит — адамдын досу”, “Ит – эч качан ээсин сатпайт” жана башка дагы көптөгөн ит жөнүндө жакшы сөздөр көп го. Кыскасы, келаткан жыл иттей жакшы жыл болсун!

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.