Аман САМАКОВ, Карганбек Самаковдун уулу: “Атама коюлган айыптын бир да пайызы далилденген жок”

Аман САМАКОВ, Карганбек Самаковдун уулу: “Атама коюлган айыптын бир да пайызы далилденген жок”

19-декабрда, Октябрь райондук сотунда сот экс-депутат Карганбек Самаковду, Курманбек Бакиевди, Жаныш Бакиевди он жылга, Кубанычбек Самаков, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариевди 8 жылга кести. Ал эми “Бир бол” партиясынын депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер Искендер Айдаралиевди 5 млн сом айып пулга жыкты. Мындай өкүмдү уккандан бери элдин көбү Карганбек Самаковдун соттолуп кетишине нааразы болууда. Сот башталгандан аягына чейин катышкан Карганбек Самаковдун баласы Аман Самаков менен маектештик.

— Аман, сен сотко башынан катышып келдиң. Атаңдын күнөөсү бар бекен?

— Ооба, мен бир да сот процессин калтырбай катышып келдим. Башынан айта турган болсом, алгач төрт айыптоочу катышып, бирөөсү жумушун которуп кетип, үчөө калган. Сотко экөө дайыма катышып жатты. Алардын бири – Жеңишбек Нуралиев, көбүнчөсүн уктап өткөрдү. Прокурор Медербек Абдышев буйрутманы мыкты аткарган киши экен. Сотто 61 күбө суралды. Алардын алтымышы “Карганбек Самаковду жеке тааныбайм, трансформацияга таасир эткен эмес. Трансформация мыйзамдуу өткөн” дешти. Аларга Абдышев чычалап, үнүн катуу чыгарып, кагып-силкип, тыйып, кысым көрсөтүп атты. Күбөлөрдүн көпчүлүгү прокурорлор тергөө учурунда коркутуп-үркүтүп “Самаковго каршы көрсөтмө бергиле” деп мажбурлаганын айтышты. Алтымыш биринчи күбө – Нурлан Асанов деген шылуун. Ал 2014-жылдан бери мага көп акча карыз. Долбоор сунуштап, алдап акча алып, кайтарбай жатканынан милицияга арыз менен кайрылгам. Тил каты менен видеосу да бар. Аны атам деле тааныбайт. Ал “Ата Мекен” партиясында Райкан Төлөгөновдун жардамчысы болуп иштептир. Айрым прокурорлор аны калкалап, биздин үй-бүлөгө каршы иштетишти. Прокурор Абдышев Нурлан Асановду соттун кабинетине киргизип алып, “тигиндей, мындай сүйлөйсүң” деп үйрөткөнү жөнүндө менде видео менен сүрөттөрү бар. Асановдун чоң шылуун экенин кийин билдим. Көрсө, 2004-2007-2012-2013-жылдары “алдамчылык, мародерчулук” ж.б. беренелери менен ага иш козголуп, издөөдө жүрүп, камалып да чыккан экен. 2016-жылы “элди арзан турак-жай менен камсыз кылам” деп карапайым калкты алдап, акчасын алып, качып кетип, иш козголуп, учурда издөөдө. Ушундай шылуунду башкы күбө кылып жатышпайбы. Н.Асановдон сот: “Карганбек Самаковду канчадан бери, кайдан тааныйсың?” деп сураганда, ал “2014-жылдан бери тааныйм”,- деди. “Сиз кандайча 2008-жылкы окуя боюнча күбө болуп жатасыз?” десе, “Дааратканага чыгып келейинчи” деп чыгып, ошол бойдон кирген жок. Ушунун баарын эске алганда, атама коюлган айыптын бир да пайызы далилденген жок. Ошондой болсо да, прокурорлор уялбай туруп, 19 жыл сурашты. Сот болсо минтип өтө өкүнүчтүү өкүм чыгарып, атамды он жылга эркинен ажыратты. Буларда кыпындай да акыйкаттык, калыстык, адамгерчилик жок экенин түшүндүм.

-2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө жер тилкелеринин сатылышы боюнча Карганбек жана Кубанычбек Самаковдорго “Бакиевдерге таянып, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаткан” деген Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү туурабы?

— Албетте, бул жалган. Атам 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылкы апрель митингдеринде “Бакиев кетсин!” деп жүрсө, 2007-жылы апрелде укук коргоочу Бектемир Акуновдун өлүмүн ыкчам ачыктап, Бакиевдер канкор экенин далилдеп жатса, 2007-жылы парламент таркатылып, “Ата Мекен” партиясы менен мандатка жеткен атам үч жыл үйдө отурса, анан 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан шайланып жатса, кайдан Бакиев менен ынак болмок эле? Бул жерден прокуратура дагы уят болду.

— Атаңдын Жаныш Бакиев менен түшкөн сүрөтүнө кандай комментарий бере аласың?

— 2008-жылбы же 2009-жылбы, эсимде жок, араб делегациясы келген. Атам мамлекеттик резиденциядагы конференц-залды ижарага алып, жолугушуу өткөргөн. Жолугушуу учурунда Жаныш Бакиев капысынан кирип келип, “Булар кимдер? Эмне иш менен жүрүшөт?” деп сурап, алар менен таанышып, сүрөткө түшүп, чыгып кеткен. Ошол сүрөттөрдүн ичинен прокурорлор арабдарды, котормочу, протокол кызматкерлерин, атамдын жардамчыларын кесип салып, атам менен калтырып, “дал ушул жерден 1 млн доллар берип, трансформация кылган” деп жар салып жиберишкен. Бул акылга сыйбаган иш. Себеби, он бештей кишинин көзүнчө ким пара бермек эле? Бул прокурорлордун эптеп бир нерсе тапканга аракет кылгандыгынан кабар берет. Бир да далил, жүйөлүү документ жок. Эгер атам Жаныш Бакиев менен дос болсо, анда тоюна барат эле да. Баргандардын сүрөтү, видеосу жүрбөйбү… Кана атамдыкы? Көргөн-билгендер болсо, 6 млн калктан бирөөсү сүйлөп берет эле да…

— Атаңды “жер сатып байыган” дегендер да болду. Буга эмне дээр элең?

— Атам ак эмгеги менен бутуна турган. Атамдын, эжелеримдин айтымына караганда, атам кичине кезинде эле бизнеске шыгы, жөндөмү болуптур. Бала кезинде фотоаппарат сатып алып сүрөт тартып, сатчу экен. 23 жашында жол куруучу болуп, талыкпай эмгектенип, ал кезде дефицит болгон “Жигули” унаасын сыйлыкка алыптыр. Бизди жакшы шартта тарбиялайын деп күндүзү Нарында жол куруп, түнкүсүн Нарын-Бишкек ортосунда такси айдаганга үлгүрчү экен. 24 жашында үч баланын атасы болду да. Ата-энесинен айрылып калган. СССР урап, кризис, дефицит болуп жаткан учур. Бизди эч нерседен кем кылбайын деген ниетте жаштайынан бизнеске аралашыптыр. Биз жакырчылыкты көргөн жокпуз, жашоо шартыбыз жакшы болду. Ата-энебиз барга көптүрбөй, жөнөкөй тарбиялашты.

Ала-Тоо аянтындагы Манас айкелин тургузууга 5 млн сом, “Манас” үчилтигин каттатууга 600 миң АКШ доллары кеткен. Нарындагы троллейбус линиясын узарткан. Мына атамдын кылган иштери. Атам менен биз сыймыктанабыз! Акыры чындык жеңет деген үмүттөбүз!

— Мындан аркы кадамыңар кандай болот?

— Мындан аркы кадамыбыз — чындык, акыйкат үчүн күрөшүү. Күрөш, күрөш, мыйзам чегинде күрөш болмокчу…

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Аман САМАКОВ, Карганбек Самаковдун уулу: “Атама коюлган айыптын бир да пайызы далилденген жок”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.