Гайпкулов Текебаевдей депутат боло алабы?

Гайпкулов Текебаевдей депутат боло алабы?

Жалган жалаа, имиш менен камакта жөн эле отурган Өмүрбек Текебаевдин ордуна Искандер Гайипкулов Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди. Ал бүгүн парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Искандер Гайпкулов боюнча учкай маалымат бере кетсек, ал 1965-жылы Ош облусуна караштуу Араван районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1984-жылы Финансы-экономикалык техникумду, Казак мамлекеттик башкаруу академиясын «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун салык кызматы тармагында баштап, кийинчерээк Салык кызматынын Ош облусу боюнча башчысы, Жогорку Кеӊештин депутаты, Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу, «РСК» банкынын Директорлор кеӊешинин төрагасы сындуу жооптуу кызматтарда иштеген.

Өмүрбек Чиркешовичтин ордуна эл өкүлү болуп келгенден кийин, “Ата Мекен” фракциясын уят кылбай, Сайдулла Нишановдой кошоматчы болбой, Текебаевдей болуп маанилүү маселе көтөрүп, бийликке сын айтып, таза, ак элге кызмат кылышын каалайбыз! Бирок, Текебаевдей боло албайт го. Өмүрбек Чиркешович жок Жогорку Кеңеш кошомат кылып отурушпайбы…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.