Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Көр тирлик басынтса да белчеңерден, Бирдикте бүт түйшүктү жеңсеңер дейм»

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Көр тирлик басынтса да белчеңерден, Бирдикте бүт түйшүктү жеңсеңер дейм»

«Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө» маселе боюнча чет жакта жүргөн мекендештерибиз менен болгон жолугуулардан кийин мекендештериме арнап, Жаңы жылдын алдында жазган ыр”,-дейт депутат Каныбек Иманалиев.

Каныбек Капашовичтин жапжаңы жазылган ырына көңүл буралы!

Мигрант – мекендештериме

Бир бакча, бир дарактын сабагы элек,
Бир элек, бир китептин барагы элек,
Бир күнү шамал согуп, бороон уруп,
Таркадык, анда таң да агара элек.

Айылда ата-энең, балаң калды,
Насыя төлөй албай агаң калды,
Кыргыздар нан бышырып Сахалинде,
Кыргыздар гүлгө айлантты Магаданды.

Уралда жамгыр тынбай көктөм эле,
Базарда кийим сатат көп, көп эне,
Кузбаста көмүр казып бир кыргыз чал,
Питерде ырын окуйт Өктөм эже.

Тагилдин токоюнда чиркей талап,
Бир кыргыз үйүн самап, чүйүн самап,
Бак жыгып, жыгач таарып, карды жиреп,
Кышкысын түнү бою отун калап.

Асаны үй тышынан кышты кынап,
Үсөнү үй ичинен мыкты шыбап,
Апал, Үпөл майлап, сырдап Маскөөнү,
Кыргыздар канча үйгө жакты чырак.

Сагындым жытын анан тоо, аттын дейт,
Айынан араң жүрөм оокаттын дейт,
Орустун шаарлары кайдан жетсин,
Айлынан айланайын, Ноокаттын дейт.

Ак үйдөн келгендерге талап коюп,
Оппозиция келсе алдына тамак коюп,
Садыр менен кошо түшүп түрмөгө да,
Адахан сүйлөсө деп самап коюп.

Калпакчан Байкал жакта кайык айдап,
Оренбордо бирөөсү тетик майлап,
Тынчтык деген бир жигит Иркутскиде,
Улак тартып, күлүк чаап, жылкы байлап.

Өчүрбөй көлдүк Таалай кыргыз демин,
Үйрөтүп эт бузганга Тыва элин,
Ийилип келиңиз деп ыйбаа кылды,
Чай сунуп, Сургут жакта якут келин.

Мекендеш босогодо, төрдө түнөп,
Туш келди тоодо түнөп, чөлдө түнөп,
Чукоткада камытка чана чиркеп,
Чукчанын итин «чү» деп кыргыз жүрөт.

«Алтайдан Улуу Кыргыз тараганда,
Куш конуп, куту толуп алаканга,
Айкелин Барсбектин коемун» деп,
Досум бар Азис деген Абаканда.

Бир күнү милийсасы канын соруп,
Бир күнү каракчысы жолун тооруп,
Кыргызым, түтөп турдуң Маскөөдө
Он төрт кыз күйгөн кезде жалын болуп.

Казактын кээ буржую пул тутушкан,
Кыргыздан малай күтүп кул тутушкан,
Көңүлдө бир боорум деп келдиң эле,
Көзүңдө көчүп турат Кыргызстан.

Техаста кыргыз калпак кийип алып,
Таксиге кыргыз желек илип алып,
Бир кыргыз чучук жасап Вашингтондо,
Бир кыргыз Кембриджде билим алып.

Мушташып намыс үчүн далай менен,
Кыргыз кызын кор кылбайм деп корейге мен,
Жолуктум Бакыт деген бир жигитке,
Сеул жакта, көзү өрт, сөзгө бекем.

Корейдин тамагын жеп, тилин билип,
Нарында сүйгөн жары түшкө кирип,
Таң атпай пияз тигип, сабиз отоп,
Корейден кем калбайт кыргыз жигит.

Бу тагдыр башка салса көнөт белем,
Италияда кемпир багып өлөт деген,
Бир келин акча салат Токтогулга,
Күйөөсү: «балдар ачка жөнөт» деген.

Түрк жигит чарк айланып сүйөм деген,
Түнкүсүн кууп чыгып үйдөн кенен,
Стамбулду аралап бир кыз жүрөт,
Кетсем деп Бишкегиме үмүт менен.

Элбиз го эр Манастан келдик деген,
Өз жанын тобо кылып эрдик менен,
Бир кыргыз адам сактап метродо,
В.Путин орден такты «Эрдик» деген.

Айдалып силер менен айдоо деле,
Чайыбыз да силер менен кайноодо эле,
Мигранттар, тышта жүргөн кечиргиле,
Биз силерди эстейбиз шайлоодо эле.

Күйөөңөр тирүү туруп жесирсиңер,
Атаңар тирүү туруп жетимсиңер,
Эч убакта мекенсиз калбайсыңар,
Өкмөтсүз өссөңөр да, эми силер.

Чет жерде канча кыргыз соттолушуп,
Дайынсыз дагы нечен жок болушуп,
Кечээле узатышты бир маркумду,
Чогултуп беш-он сомдон топтолушуп.

Мекенден чоочун жерде басырынып,
Мент көрсөң буйтай качып жашырынып,
Кээде сен качып жүргөн кийик болдуң,
Өз жерде жолборс элең атырылып.

Оо кыргыз, сен жүрбөдүң кайда гана,
Издебей акча, тыйын, пайда гана,
Салт сактап, тушоо кесип, улак тартып,
Дүң чачтың бүт тапканын ай-талаага.

Көл күтөт, көпкөк мөлтүр мелмилдеген,
Жол күтөт, көп сырларын эл билбеген,
Элет күтөт алдыңардан утур карай,
Илинип комуз күтөт чертилбеген.

Карынын кеби күтөт айтылбаган,
Таластын суусу агат шарпылдаган,
Баткендин гүлзарлары күтүп эми,
Алайдын тоосу жатат калкылдаган.

Бүлбүлдөп күйүп турган билик сыңар,
Мергенден жарат алган кийик сыңар,
Бай кыргыз, кедей кыргыз, орто кыргыз,
Баарың бир – кыргызсыңар, ыйыксыңар.

Эл багып, жерди багып жигер менен,
Узарып учугубуз силер менен.
Үйүнөн алыс жүргөн мекендештер,
Биз элбиз, биз өлкөбүз силер менен.

Көр тирлик басынтса да белчеңерден,
Бирдикте бүт түйшүктү жеңсеңер дейм.
Күн келээр Улуу Мекен кура турган,
Айланып Ала Тоо келсеңер дейм.

2017-жылдын 22-декабыры

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.