Ай-Данэк ТЕКЕБАЕВА: “Ата, мен сиз менен өткөргөн күндөрдү аябай сагынып жүрөм!”

Ай-Данэк ТЕКЕБАЕВА: “Ата, мен сиз менен өткөргөн күндөрдү аябай сагынып жүрөм!”

Өмүрбек Чиркешовичтин тун кызы Ай-Данэк студент, 3-курс. Ал атасынын туулган күнүнө карата куттуктоо жазды. Бул куттуктоодо кызынын атасына болгон сагынычы, кусалыгы камтылган.

«Бүгүн менин атам 59 жашка толду. Ал менин атам болгонуна тагдырыма жана Кудайыма чексиз ыраазымын. Себеби, менин атам сыймыктана турган чоң тамгалуу инсан. Жакшы сапаттары бар: акылман, чынчыл, адилеттүү, ак көңүл адам. Айлана-чөйрөдөгү адамдар: “сен атаңа окшошсуң”,-дешсе, аябай кубанам. Себеби, мен да атамдай болуп өз өлкөмө, элиме, жериме кандайдыр бир салымымды кошкум келет.
Мен турмушта калп айтуу эмес, чынчыл болууну өздөштүрө алдым. Ага атамдын салымы чоң. Бир жолу кичинекей кезимде атамды майда-барат бир нерсе үчүн алдап койгом. Аны атам билип калып, ошондо да өзүн сабырдуу кармап: «Кызым, биринчиден, чындыкты айтуу жакшы. Себеби, чындыкты айткан адамды эл сыйлайт, ал эми калпычыны эч ким сыйлабайт. Экинчиден, бирөөнү алдоо өзүн алдоого барабар. Эч качан элди да, үй-бүлөсүн да алдабаш керек! Сен чынчыл болушуң керек! Бир туугандарыңа үлгү, алардын арасында күзгү болушуң керек!»,-деген. Ушул сөзү мага аябай жагып, алигүнчө жүрөгүмдө аздектеп келем. Аздектелип келаткандан кийин, демек, атам мага жеткиликтүү айткан.
Ата, Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сизге биринчи кезекте узак өмүр, назик көңүл, темирдей бекем ден соолук каалайм! Сиз бизге жана Элиңизге керексиз. Бул сыноолор да өтөт, бул сыноолор сизди да, бизди да күчтөндүрөт. “Ак ийилет, сынбайт” дегендей, сиз Аксыз, сынбайсыз жана сынган жоксуз. Жакында биз бирге болобуз деп ойлойм. Ал күндөр алыс эмес. Эң башкысы жакшылыктан үмүтүңүздү үзбөңүз! Биз болсо сиз менен сыймыктануу менен башты өйдө көтөрүп, алдыга умтулуубуз керек! Ата, биз акыры болгон калпты жеңип, чындыкты орнотобуз! Ата, мен Сизди аябай жакшы көрөм! Сиз менен бирге өткөргөн күндөрдү, убакыттарды аябай сагынып жүрөм, ата! Эртерээк чыгыңыз!”,-деп жазган Ай-Данэк.

Ай-Данэк, сен абдан эстүү кызсың. Сендей болуп атаны баалай, сыйлай алган кыздар аз. Атаң жакында чыгат, биз ага бөркүбүздөй ишенебиз! Себеби, атаң ак, таза. Калп, жалган менен эле камалып отурганын баарыбыз эле көрдүк жана көрүп келатабыз! Эң башкысы атаңды эл сыйлайт. “Эл менен бийиксиң, элден чыккандан кийин кийиксиң” дегендей, атаң эл менен бийик, ал эми калп айткан жалганчылар элден чыккан кийик. Жалган жалаа менен отургузгандар оңбойт, алар акыры жазасын алат, алганда да катуу алат. Ал күндөр да алыс эместир! Бар бол, Ай-Данэк!  

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.