Билим берүү министрлиги “Манас” эпосундагы уяттуу жерин байкабай калыптыр…

Билим берүү министрлиги “Манас” эпосундагы уяттуу жерин байкабай калыптыр…

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев «Манас» эпосун жазган окуу куралында Манас менен Каныкейдин нике төшөгү кеңири сүрөттөлгөн. “Манас” китеби 2015-жылы басылып чыгып, Кыргызстандагы мектептерге жана Жогорку окуу жайларга таратылган. Эки жылдан кийин, ошол жери, нике төшөгүнүн сүрөттөлүшү боюнча маселе көтөрүлүп чыкты, бирок, жоопко тартылган эч ким болгон жок.

Улуттук илимдер академиясы да байкабай калган имиш…

Кечээ, 22-декабрда, Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйында ушул маселе көтөрүлдү. Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов мектептерден жана жогорку окуу жайлардан «Манас» эпосу боюнча окуу курал кайтарылып алынып, китептин жаңы редакциясы басууга даярдалып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Улуттук Илимдер академиясындагы китептин чыгышына жооптуу кишилер жазаланганын айтты. Буга чейин Билим берүү министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы байкабай калгандыгын айтышкан.

Шалаакылыгы үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек!

Билим берүү министрлиги, Улуттук илимдер академиясы байкабай калганын айткандары уят! Демек, булар чыгып жаткан китепти окубайт экен да. Окушпаганы билинип эле калды. Өздөрү окубагандан кийин, эмнеге окуучуларга, студенттерге таратышат? Балдарды окутуп жаткан мугалимдер каякты карады? Жазып жаткан Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиевчи? Ошол кездеги Билим берүү министрлигинин министри жана Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси жана Бексултан Жакиев жоопко тартылышы керек! Өздөрү окубай туруп кетирип салгандары билинип эле калды. Калп эле “байкабай калыптыр” деген сөздүн өзү уят! Бул китептин, болгондо да “Манас” эпосуна ушундай одоно ката кетирүү, балдарга ушундай уят нерсени окутууга жол берген адамдар тезинен жоопко тартылышы керек! А силер кандай дейсиңер?

Сиздердин «сотуңуздарга» койдук

Сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн, китепке чыккан жерин эл «сотуна» салып турабыз. Эми өзүңүздөр «соттоңуздар!»

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.