Күйөөсүн өлтүрүп, жиликтеген келин 16 жылга кесилди

Күйөөсүн өлтүрүп, жиликтеген келин 16 жылга кесилди

25 жаштагы Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү Айдай Субанованын кылмыш иши Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда каралып, ал 16 жылга кесилди.

Эскерте кетсек, 2015-жылы, августта Бишкектеги ар кайсы таштандыдан 30-35 жаштагы адамдын дене мүчөлөрү табылган. Мындай кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Айдай Субанова аттуу айым кармалып, ал киши колдуу болгон Эрлан Оркошевдин аялы болуп чыккан. Ал милицияларга жолдошунун ур-токмокко алынганы үчүн ушундай ишке барганын айтып, баарын мойнуна алган. Ага Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча айып тагылып, кылмыш иши сотко өткөн. Бүгүн өкүм чыгып, ал 16 жылдык мөөнөтүн Чүй облусундагы Степной айылындагы абакта өтөйт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.